Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Япониянын Кыргызстандагы элчиси Рюити Хирано менен жолугушту.
Анда мамлекеттик башкаруу үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган JDS стипендиялык программасынын алкагындагы кызматташтык талкууланды.
Тараптар 2027-2028-жылдарга карата программанын жаңы этабында талапкерлерди тандоо, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү адистерди тартуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин карашты.
Элчибек Жантаев Япониянын өкмөтүнө жана элчилигине Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
”JDS программасын мындан ары ишке ашыруу эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөгө жана мамлекеттик башкаруу системасынын кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, - Жантаев,