Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда жогорку өлчөмдөгү пенсияны негизинен мамлекеттик кызматкерлер эмес, тоо-кен тармагында жана коммерциялык уюмдарда иштеген жарандар алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда журналисттерге билдирди.
“Чоң пенсия алгандар — мамлекеттик кызматкерлер эмес, негизинен коммерциялык уюмдарда, тоо-кен тармагында иштеген жарандарыбыз. Ошондой эле жеке компанияларда, бизнесте иштегендердин айлыгы жогору болуп, Социалдык фондго төлөгөн төгүмдөрү да көп болот. Ошондуктан пенсиясы да жогору. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин жогорку пенсия алгандардын арасындагы үлүшү бир-эки пайызды гана түзөт”, — деди ал.
Бактияр Алиев белгилегендей, пенсияны көбөйтүүдө бардык жарандардын кызыкчылыгы эске алынышы керек. Анын ичинде эмгек стажы аз же камсыздандыруу төгүмдөрү аз болгон пенсионерлер да бар.
“Айрым жарандар көп жыл иштедим, ошондуктан пенсиям көбүрөөк болушу керек деп эсептешет. Бирок аз убакыт иштеген же аз төгүм төлөгөндөр да биздин жарандар. Мамлекет алардын да кызыкчылыгын эске алышы керек. Мүмкүнчүлүк жаралгандыктан, пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 миң 800 сомго жеткирдик”, — деди Соцфонддун төрагасы.
Ал ошондой эле пенсиянын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин белгиледи. Анын айтымында, пенсиянын минималдуу өлчөмү тиешелүү деңгээлге жеткирилди.
Мындан тышкары, Бактияр Алиев пенсияларды 20 пайызга жогорулатууга кеткен чыгымдар тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, пенсияларды 20 пайызга көбөйтүү үчүн 2026-жылдын төртүнчү кварталында кошумча 4 млрд 200 млн сом талап кылынган. Ал эми кийинки жылы бул максатка кошумча 18 млрд сом каражат керек болот. Жалпысынан пенсияларды жогорулатууга байланыштуу кошумча чыгым 22 млрд сомду түзөт.
Соцфонддун төрагасы бул каражаттар камсыздандыруу төгүмдөрүнөн эмес, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатканын баса белгиледи.