Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы”: медиа долбоорунун алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин бир күндүк иш күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда өттү.
Иш күнүнүн алгачкы бөлүгүндө Бактияр Алиев “Биринчи радионун” түз эфирине катышып, Социалдык фонддун ишмердүүлүгү, пенсиялык камсыздоо жана тармактагы жаңылануулар тууралуу айтып берди.
Андан соң төрага орун басарлары жана башкармалыктардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 1-октябрдан тарта пенсиянын жогорулашына байланыштуу каржылоо маселелери каралды. Ошондой эле пенсияны жарандардын Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына баруусуз эле автоматтык түрдө дайындоого мүмкүндүк берген маалыматтык система тааныштырылды.
Кийинчерээк журналисттердин коштоосунда Социалдык фонддун кардарларды тейлөө залына барып, жарандарды кабыл алды. Анда эки жаран пенсиянын өлчөмүндөгү айырмачылыктар боюнча көйгөйлөрүн айтып кайрылышты. Төрага алардын маселелерин угуп, чечүү жолдорун түшүндүрдү.
Иш күнүнүн алкагында Бактияр Алиев Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык каттарын жана медалдарды тапшырды. Алардын катарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму, “Бай-Түшүм” банкы жана “Умай Груп” ЖЧКсы бар.
Мындан тышкары, журналисттерге Соцфонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын долбоору тааныштырылды. Презентацияны Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жана райондук башкармалыктын жетекчиси өткөрүп, имараттын долбоору, курулуш мөөнөтү жана жарандар үчүн түзүлө турган шарттар тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаралардын жүрүшүндө ошондой эле, ЖМК өкүлдөрү Социалдык фонддун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, төрагага мекемеге байланышкан ар тараптуу суроолорун берип, жоопторун алышты.