Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Социалдык фонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын эски имараты толугу менен бузулуп, анын ордуна жаңы административдик имарат курулат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунда белгилүү болду.
Анда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жана мекеменин Биринчи май райондук башкармалыгынын жетекчиси долбоор жөнүндө журналисттерге айтып беришти.
Райондук башкармалыктын жетекчиси Максат Сулайманов учурда жаңы имараттын эскиздик долбоору даярдалып, макулдашууга жөнөтүлгөнүн билдирди. Долбоорго ылайык, имараттын биринчи кабатында жарандарды жана пенсионерлерди кабыл алуу үчүн ачык кабинеттер уюштурулат.
Мындан тышкары, республика боюнча пенсионерлерге пенсия дайындоо үчүн документтерди ушул башкармалыкка келип тапшыруу мүмкүнчүлүгүн түзүү пландалууда. Мындай шарт жарандардын өздөрү катталган аймактык башкармалыкка баруу зарылдыгын азайтууга багытталган.
Курулуш иштерин 2027-жылдын январь айында баштап, жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга каражат бөлүнгөн.
Мындан тышкары, Бактияр Алиев Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарынын имараттарын жаңылоо иштери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, быйыл Октябрь, Ленин, Чоң-Алай, Алай жана Манас райондук башкармалыктары үчүн жаңы имараттар алынган же курулган. Ошондой эле 18 райондук башкармалыкка капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн каражат бөлүнгөн.
Ал эми Биринчи май жана Сокулук райондук башкармалыктарынын жаңы имараттарын 2027-жылдын жай айларынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Алиев мындай иштерди жүргүзүүгө Социалдык фонддун өнүктүрүү фондуна түшкөн каражаттардын көбөйүшү шарт түзгөнүн белгиледи.