Алиев Соцфонддун өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында кардарлар залында пенсионерлерди кабыл алды. Анда эки жаран төрагага пенсияларында айырмачылык болуп жатат деген көйгөй менен кайрылышты.

Алиев алардын маселесин угуп, чечүү жолдорун түшүндүрүп берди.

Андан соң жетекчи Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөн өнөктөштөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды. Атап айтканда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна, Бай-Түшүм банкына жана “Умай Груп” ЖЧКсына медалдар ыйгарылды.

Тапшыруу аземинде Алиев аталган компанияларга ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Келерки жылы да көптөгөн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул иш-чараларга сиздер да активдүү катышасыздар деп ишенем. Ошондой эле декабрь айында келерки жылга карата кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну көздөп жатабыз.

Буга чейин Социалдык фонддун мындай мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Азыр фондго түшкөн каражаттардын көлөмү көбөйүп, Социалдык фонддун өнүктүрүү фондусуна түшкөн каражаттар да артууда. Ушуга байланыштуу келерки жылдан тарта Кыргызстандын шаарларындагы бардык сейил бактарда тай-чи гимнастикасы боюнча инструкторлорду ишке тартууну, ошондой эле бий сабактарын уюштурууну пландап жатабыз.

Муну менен пенсионерлерибиз сейил бактарга келип, дене көнүгүүлөрүн жасап, ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул алардын өмүрүн узартууга да салым кошот деп ойлойм.

Анткени адам өмүр бою иштеп, ар дайым бир нерсеге жоопкер болуп, түйшүк менен жүрөт. Бирок пенсияга чыккандан кийин жаңы жашоого көнүү, бош убактысын кантип өткөрүүнү билүү көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратарын байкап жатабыз. Көрсө, адам пенсияга чыкканда жашоонун жаңы баскычына даяр болбой калышы мүмкүн экен.

Ошондуктан бул багытта да атайын иштерди жүргүзүүнү көздөп жатабыз. Сиздердин катышууңуздар жана колдооңуздар менен мындан да көп иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем”,-деди ал.

Бул иш-чаралар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда өттү.