Алиев: Пенсия боюнча 20дан ашык өлкө менен сүйлөшүү жүрүүдө

Алиев: Пенсия боюнча 20дан ашык өлкө менен сүйлөшүү жүрүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. . Кыргызстан чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жүргөн жарандарына камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө мүмкүнчүлүгүн түздү. Бул үчүн атайын программа иштелип чыгып, ишке киргизилди. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу түрдө төлөй алышат.

Ошондой эле Кыргызстан бир катар мамлекеттер менен пенсиялык камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча келишимдерди түзгөн. Алардын катарында Кытай, Түркия жана Түштүк Корея бар. Мындан тышкары, 2021-жылы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да тиешелүү келишим кабыл алынган.

“Бүгүнкү күндө 20дан ашык мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Австрия менен келишимдин долбоорун даярдап бүттүк, эми мамлекеттер аралык келишимге кол коюу калды. Германия менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Германиядан кесиптештерибиз 2027-жылдын жазында Кыргызстанга келишет”, — деди ал.

Социалдык фонддун төрагасы белгилегендей, Австрия жана Германия менен келишимдер түзүлсө, Улуу Британия, Франция, Италия, Чехия сыяктуу Европа мамлекеттери менен да кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жеңилдейт. Ошондой эле бул тажрыйба АКШ менен келишим түзүүгө да өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.