Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин бир күндүк иши жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда башталды.
Бактияр Алиев “Биринчи радионун” түз эфирине катышкандан кийин орун басарлары жана башкармалыктардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүүдө.
Жыйында пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга байланыштуу каржылоо маселеси боюнча отчет угулуп, алдыдагы иштердин багыттары аныкталууда.
Андан сырткары, жетекчи журналисттердин кызыктыруучу суроолоруна жооп берүүдө.
Белгилей кетсек, “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоору мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бир күндүк ишин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык көрсөтүүгө багытталган.
Учурда долбоордун экинчи этабы өтүп жатат. Ага мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана уюмдардын жетекчилери катышууда. Долбоордун биринчи этабы министрликтердин жетекчилеринин катышуусунда уюштурулган.