Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда пенсия төлөөгө жумшалган каражаттын көлөмү 2021-жылы 52 млрд сомду түзсө, 2026-жылы 122 млрд сомго жетти. Ал эми 2027-жылы бул көрсөткүч 140 млрд сомдон ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулатылды. Бул үчүн жылдын аягына чейин кошумча 4 млрд 200 млн сом талап кылынган. Ал эми кийинки жылга пенсияны жогорулатууга байланыштуу 18 млрд сомго жакын каражат керек болот. Жалпысынан пенсияны жогорулатууга кошумча 27 млрд сом каралган.
Социалдык фонддун төрагасы акыркы жылдары пенсионерлердин саны да кыйла өскөнүн белгиледи. 2026-жылдын 1-ноябрына карата өлкөдө 826 миң пенсионер катталган.
“2010-жылы пенсионерлердин саны 400 миң адамды түзчү. Акыркы 16 жылда алардын саны эки эсеге көбөйүп, 800 миңден ашты. Акыркы төрт жылдын ичинде эле 100 миң адамга көбөйдү”, — деди ал.
Ошондой эле орточо пенсиянын өлчөмү 2021-жылы 6 миң сом болсо, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 12 888 сомго жеткенин маалымдады.
Мындан тышкары, ал пенсиялык системада иштеген жарандар менен пенсионерлердин катышына токтолду. Эл аралык уюмдардын сунуштамаларына ылайык, бир пенсионерге 3,5 иштеген жаран туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда учурда бир пенсионерге 0,9 гана иштеген жаран туура келет.
Бактияр Алиевдин айтымында, пенсиялык фонддун негизги киреше булагы камсыздандыруу төгүмдөрү болуп саналат. Мындан тышкары, фонддун карамагында болжол менен 40 млрд сом каражат бар. Ал мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылып, андан түшкөн киреше да пенсиялык фондго багытталат.
Социалдык фонддун маалыматтык системасын толук ишке киргизүү боюнча иштер да уланууда. Төраганын маалыматы боюнча, пенсияларды төлөө жана дайындоо блоктору толук даярдалып, иштеп жатат. Кирешелерди жана жекече эсепке алуу блоктору да өз ара байланышта иштейт. Учурда системага Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасын кошуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштерди жакынкы күндөрү аяктоо пландалууда. Ал эми калган эки блокту ноябрь айынын аягына чейин толук ишке киргизүү каралган.