Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек

Маек
Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек
copyright icon KABAR Мирлан Жаныбеков

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда пенсионерлердин саны акыркы 16 жылда эки эсеге көбөйүп, 826 миңге жетти. Ошол эле учурда пенсия төлөөгө жумшалган каражаттын көлөмү да жылдан-жылга өсүүдө. Мындан улам пенсионерлердин эс алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Төраганын айтымында, 2010-жылы өлкөдө 400 миң пенсионер болсо, 2026-жылдын 1-ноябрына карата алардын саны 826 миңге жеткен. Акыркы төрт жылдын ичинде эле пенсионерлердин саны 100 миң адамга көбөйгөн.

Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек

Ошондой эле пенсиянын орточо өлчөмү 2021-жылы 6 миң сомду түзсө, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 12 миң 888 сомго жеткен. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулатылды. Бул үчүн 2026-жылдын аягына чейин кошумча 4 млрд 200 млн сом талап кылынса, 2027-жылы дагы 18 млрд сомго жакын каражат керек болот.

— Пенсионерлердин эс алуусу үчүн курула турган пансионаттар жөнүндө айта кетсеңиз?

— Жарандар иштеп турган убакта кесиптик бирликтер аркылуу санаторийлерге, пансионаттарга барып эс алышат. Ал эми пенсияга чыккандан кийин бирликтерге төлөмдөрдү бербей калгандыктан, мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калышат экен.

Ошондуктан биринчи этапта Ысык-Көлдө жана Ошто пенсионерлер үчүн пансионаттарды курууну пландап жатабыз. Бул маселе боюнча өлкө жетекчилигине кайрылып, жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин караганбыз. Курулуш иштерин Курулуш министрлиги жүргүзөт, биз каражатын төлөп беребиз. Негизги максат — пенсионерлердин эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүү.

Мындан тышкары, пенсионерлердин бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шаарлардагы сейил бактарда машыгууларды уюштуруп, буга инструкторлорду иштетүүнү пландап жатабыз. Бул ишти март айынан октябрдын аягына чейин жүргүзөбүз. Инструкторлор күн сайын эртең менен тай-чи, гимнастика жана дем алуу көнүгүүлөрүн өткөрүшөт. Ошондой эле бий сабактары уюштурулат. Инструкторлордун айлык акысын Социалдык фонддун Өнүктүрүү фондунан төлөп беребиз.

Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек

Шаар мэриялары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар имарат бөлүп берсе, аны капиталдык оңдоодон өткөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздайбыз. Имаратты тейлеген кызматкерлердин жана администраторлордун айлыгын да өзүбүз төлөйбүз. Ал жерлерде пенсионерлер шахмат ойноп, теннис менен машыгып, йогага катышып, бири-бири менен баарлаша алышат.

— Пенсионердер көбүнчө кандай маселелер менен кайрылышат?

— Ар кандай суроолор менен келишет. Басымдуу бөлүгү пенсиясынын аз болуп калганына байланыштуу кайрылат. Биз аларга пенсиянын кандай тартипте эсептелерин түшүндүрөбүз. Социалдык фонд ар бир жарандын төлөгөн камсыздандыруу төгүмүнө жараша пенсиясын эсептейт. Башкача айтканда, жаран канчалык көп төгүм төлөсө, пенсиясынын өлчөмү да ошого жараша болот.

Мурда 700, 1000, 1500 сом пенсия алгандар бар эле. Акыркы үч жылдан бери пенсиянын минималдуу өлчөмүн пенсионердин жашоо минимумуна жеткирүү багытында иш алып барып жатабыз. Быйыл эң төмөнкү пенсияны 8800 сомго жеткирдик. Муну менен токтоп калбайбыз, мүмкүнчүлүккө жараша жыл сайын жогорулатып турабыз.

Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек

Пенсионерлердин саны жылдан жылга өсө берет. Ошого жараша пенсия төлөөгө керектелген каражат да көбөйүүдө. Мисалы, 2021-жылы пенсия төлөөгө жылына 52 млрд сом жумшалса, быйыл бул көрсөткүч 122 млрд сомго жетти. 2027-жылы 150 млрд сомго жакындайт.

Албетте, 800 миңден ашык пенсионердин арасында нааразы болгондор да болот. Бирок пенсионерлерибиздин басымдуу бөлүгү жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазы деп айта алам.

— Жарандар пенсия курагына жеткенге чейин кандай каталарды кетиришет? Келечекте татыктуу пенсия алуу үчүн азыр иштеп жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Жаштарга кайрылып кетет элем. Көпчүлүгү 21-22 жашынан тартып иштей башташат. Ошол учурдан тартып жумуш берүүчүдөн айлыгын толук көрсөтүүнү жана Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөп турууну талап кылышы керек.

Биз бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифин 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөттүк. Мурда жумуш берүүчү 17 пайыз төлөсө, азыр 2 пайыз төлөйт. Андыктан айлыкты жашырып, конверт менен төлөөнүн зарылдыгы жок.

Пенсионерлер үчүн пансионаттарды курабыз – Бактияр Алиев менен маек

Жаштар убакыттын кантип өткөнүн байкабай калышат. Азыр жаштар 30-40 жыл качан өтмөк эле деп ойлошот. Пенсия курагына жеткиче көп бар деп ойлошу мүмкүн, бирок убакыт бат эле өтөт. Көптөр пенсия курагына жеткенде камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөбөгөнүнө өкүнүшөт. Ал эми эмгек жолунда төгүмдөрүн үзгүлтүксүз жана толук төлөп келгендер келечекте татыктуу пенсия алууга мүмкүнчүлүк түзүшөт.