Пенсияга чыгуу үчүн эшик кагуунун кереги жок: Соцфонд жаңы система киргизүүдө

Коом
Пенсияга чыгуу үчүн эшик кагуунун кереги жок: Соцфонд жаңы система киргизүүдө
Пенсияга чыгуу үчүн эшик кагуунун кереги жок: Соцфонд жаңы система киргизүүдө
Алдыга
Артка
Пенсияга чыгуу үчүн эшик кагуунун кереги жок: Соцфонд жаңы система киргизүүдө
Пенсияга чыгуу үчүн эшик кагуунун кереги жок: Соцфонд жаңы система киргизүүдө
Алдыга
Артка
copyright icon Мирлан Жаныбеков

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Социалдык фонддо пенсияларды автоматтык түрдө дайындоого мүмкүндүк берген жаңы маалыматтык система иштелип чыгып, этап-этабы менен киргизилүүдө. Анын жардамы менен жарандар пенсияга чыгууда райондук башкармалыктарга барып, арыз жазып, документ чогултууга муктаж болбойт.

Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Социалдык фонддун Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Руслан Асанбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы маалыматтык системаны киргизүү эки этап менен жүргүзүлгөн. Биринчи этапта пенсияларды үзгүлтүксүз төлөп берүү үчүн мурдагы системанын туруктуу иштеши камсыздалып, төлөмдөрдү электрондук форматка өткөрүү иштери аткарылган.

“Мурда пенсия төлөнө турган күндүн алдында тизмелер кол менен түзүлүп, банктарга кагаз түрүндө жөнөтүлчү. Азыр бул процесс толугу менен “Түндүк” системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Маалыматтар бир нече секунддун ичинде өткөрүлөт. Мындан тышкары, кызматкерлер акчанын пенсионердин банктык эсебине түшкөнүн реалдуу убакыт режиминде көрүп, төлөмдөрдү көзөмөлдөй алышат”, — деди ал.

Экинчи этапта Социалдык фонд үчүн жаңы веб-платформа иштелип чыккан. Ал фонддун 53 райондук башкармалыгынын бирдиктүү маалымат базасы менен борборлоштурулган тартипте иштөөсүнө шарт түзөт.

Мурда райондук башкармалыктардагы маалымат базаларын синхрондоштуруу 10-12 саатка чейин созулса, жаңы системада бул процесс 3-5 секундду гана талап кылат. Мисалы, Чаткал же Ак-Талаа районундагы кызматкер киргизген маалымат борбордук системада дээрлик дароо жаңыланат.

Ошондой эле мурдагы система эскирген технологиянын негизинде иштеп, аны өзгөртүү жана жаңыртуу үчүн иштеп чыгуучу компанияга кайрылуу зарыл болсо, жаңы платформа Java программалоо тилинде түзүлгөн. Бул аны жергиликтүү адистердин жардамы менен өркүндөтүүгө жана жаңы кызматтарды кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Руслан Асанбеков белгилегендей, жаңы системанын негизги артыкчылыктарынын бири — пенсияларды проактивдүү, башкача айтканда, жарандардын кайрылуусун күтпөстөн автоматтык түрдө дайындоо.

“Мурда жаран пенсияга чыгуу үчүн райондук башкармалыкка барып, арыз жазып, банкка өзүнчө пенсиялык эсеп ачтырып, анын маалыматын кайра Социалдык фондго алып келиши керек болчу. Андан кийин документтер райондук башкармалыктан борбордук аппаратка жөнөтүлүп, текшерилген соң гана пенсия дайындалчу. Бул процесс орто эсеп менен 10-30 күнгө созулса, айрым учурларда беш айга чейин жеткен” — деди ал.

Жаңы системада пенсия курагына жеткен жарандар автоматтык түрдө аныкталып, алардын эмгек стажы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалыматтар эсептелет. Ошондой эле башка мамлекеттик маалыматтык системалардан паспорттук маалыматтары, жашаган жери жана башка керектүү маалыматтар автоматтык түрдө алынат.

Андан соң пенсиялык иш кагаздары кызматкердин катышуусуз түзүлүп, жаранга “Түндүк” тиркемеси аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Анда пенсия алуу үчүн банкты тандоо сунушталат. Жаран банкты тиркеме аркылуу тандагандан кийин банктык маалыматтар автоматтык түрдө Социалдык фонддун системасына өткөрүлүп, пенсия төлөөгө даярдалат.

“Бул иштерди жаран пенсия курагына жеткенге чейин, болжол менен бир ай мурда баштайбыз. Банк тандалып, керектүү маалыматтар алынгандан кийин жаранды пенсиялык төлөмдөрдүн тизмесине киргизебиз. Натыйжада мурда бир нече жумага созулган иштерди бир күндүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, жаңы системада маалыматтардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Райондук башкармалыктар менен маалымат алмашуу корголгон VPN-каналдар аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле 1-январдан тарта киберкоопсуздукту күчөтүүчү атайын системаны ишке киргизүү пландалууда. Учурда аны орнотуу жана жөндөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы төлөм системасы өлкөдөгү 18 банк жана “Кыргыз почтасы менен интеграцияланган. Төлөмдөрдүн алдында банктарга электрондук тизмелер жөнөтүлүп, маалыматтарды иштеп чыгуу реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлөт.

Ошондой эле жаңы платформа Социалдык фонддун кызматкерлеринин ишин жеңилдетет. Системанын бөлүмдөрү колдонууга ыңгайлуу болуп түзүлүп, керектүү функцияларды табуу жана маалыматтар менен иштөө жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Мурда райондук башкармалыктарда айрым отчетторду даярдоо бир нече айга созулса, азыр аларды бир нече баскыч менен саналуу секунддардын ичинде түзүүгө болот. Система керектүү маалыматтарды автоматтык түрдө чогултуп, Excel форматында отчет даярдайт.

Асанбековдун айтымында, бул өзгөрүүлөр кызматкерлердин убактысын үнөмдөп, ашыкча иш кагаздарын жана чыгымдарды кыскартууга, ошондой эле жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.