Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаевдин ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагындагы иш күну агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн онлайн кеңешме менен аяктады.
Жыйынга журналисттер да катышып, анда агенттиктин стратегиялык планынын аткарылышы, күнүмдүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттери талкууланды.
Ошондой эле аймактардагы иштердин абалы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы каралды.
Кеңешменин соңунда Элчибек Жантаев белгиленген милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Эскерте кетсек, ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы“ долбоору агенттиктин ишмердүүлүгүн ачык көрсөтүүгө жана мамлекеттик кызматтын иши менен коомчулукту тааныштырууга багытталган.