Султан Раев: ТМУ Садыр Жапаровдун эмгегине жогорку баа берди

Коом
Султан Раев: ТМУ Садыр Жапаровдун эмгегине  жогорку баа берди

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президентке берилген сыйлык — жалпы кыргыз элинин сыйлыгы. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кечээ өткөн түрк мамлекеттеринин башчыларынын XIII саммити дүйнөдө болуп жаткан татаал кырдаалда өзгөчө мааниге ээ.

“Бул саммиттин негизги максаты — түрк дүйнөсүнүн биримдигин, боордоштугун жана ынтымагын бекемдөө, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү болду. Саммиттин алкагында бир катар чечимдер кабыл алынды. Алар түрк дүйнөсүндөгү буга чейинки мамилелерди дагы да бекемдеп, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана жаңы шарттарды түзүүгө багытталды.
Ошондой эле саммиттин эң башкы окуяларынын бири — президент Садыр Жапаровго Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку сыйлыгынын тапшырылышы болду. Бул чечим түрк мамлекеттеринин бардык өлкө башчылары тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Алар президентибизди бул сыйлыкка татыктуу деп табышты. Муну мамлекет башчысынын жасап жаткан эмгегине берилген өзгөчө баа катары кабыл алсак болот.
ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси жана Кыргызстандын жараны катары президентибиздин мындай жогорку сыйлыкка татышы мен үчүн да чоң сыймык болду.
Биздин өлкө учурда түрк дүйнөсүндө өтө активдүү иш алып барган, экономикалык мамилелер жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Ошондуктан кечээ Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да бул маселелерге өзгөчө токтолуп, Садыр Жапаровдун эмгегин жогору баалады.
Албетте, бул — Кыргызстан үчүн чоң кадыр-барк. Мамлекет башчысына берилген сыйлык — жалпы кыргыз элинин сыйлыгы деп айтаар элем”, — деди ал.

Султан Раев саммиттин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 2027-жылдын август айында Түрк дүйнөсүнүн мамлекет башчыларынын бейрасмий саммитин Кыргызстанда өткөрүү демилгесин көтөргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, бул сунушту бардык өлкө башчылары колдоп, иш-чарага активдүү катышарын билдиришкен.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар демилгелерди сунуштаган. Ошондой эле “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алгачкы этабы декабрь айында ачыларын, долбоор толук ишке киргенде жылына 2 миллионго жакын туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгилеген.

“Бул реалдуу сектордун, экономиканын, өзгөчө туризм тармагынын өнүгүшү менен Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылып жатканын көрсөтөт.
Негизи эле Кыргызстан туризмдин мекени болушу керек деп ойлойм. Себеби Кыргызстанда Самарканд, Бухара, Хива сыяктуу ири тарыхый шаарлар болбосо да, табигый жана экологиялык кереметтер, туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Ошондуктан өлкөнүн бул багытта жасап жаткан аракеттери келечекке кошулган чоң салым”, — деп сөзүн жыйынтыктады Султан Раев.