Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун "Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени" менен сыйланышын мамлекет башчысынын жеке сыйлыгы катары гана эмес, жалпы кыргыз элинин түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын таануу катары кароо керек. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, сыйлык Кыргызстандын түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелеринин өнүгүп жатканын, ошондой эле өлкөнүн жакшы коңшулук байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөө аракеттерин чагылдырат.
"Бул сыйлык президентке гана эмес, жалпы Кыргызстанга берилди. Түрк мамлекеттери менен мамилелерди чыңдоого бүтүндөй кыргыз эли, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз жана диаспора өкүлдөрү да салым кошуп жатышат. Башка түрк тилдүү элдер менен байланыштарды өнүктүрүү өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт", – деди Бактыгулов.

Саясат таануучу мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты сөз жүзүндө гана эмес, ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор аркылуу да баалоо зарылдыгын белгиледи.
Эксперт буга мисал катары Кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фондун жана Өзбекстан менен биргеликте ишке ашырылып жаткан демилгелерди атады. Анын пикиринде, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун жүзөгө ашырылышы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын иш жүзүндөгү натыйжасын көрсөтөт.
Шерадил Бактыгулов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык маанисине да токтолду. Анын айтымында, келечекте бул транспорттук коридор аймактагы башка өлкөлөрдүн базарларына чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Атап айтканда, Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга, андан ары Түркияга жетүүгө шарт түзүшү мүмкүн.
"Бул – түрк мамлекеттеринин кызматташтыгынын конкреттүү натыйжалары. Мындай долбоорлор өз ара байланышты бекемдеп, экономикалык кызматташтык үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", – деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сунушу менен Түрк мамлекеттеринин башчыларынын кеңеши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду "Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени" менен сыйлоо чечимин кабыл алган.
Сыйлык түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана тилектештигин бекемдөөгө кошкон зор салымы, кызматташтыкка жаңы дем берген көрөгөч жетекчилиги жана түрк үй-бүлөсүнүн биримдигин чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылган.