Президенттин сыйлыгы Кыргызстандын түрк дүйнөсүндөгү ролун көрсөтөт – Сариев

Пикир
Президенттин сыйлыгы Кыргызстандын түрк дүйнөсүндөгү ролун көрсөтөт – Сариев
copyright icon WWW

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун түрк дүйнөсүнүн эң жогорку сыйлыгы менен сыйланышы Түркиянын колдоосун жана анын аймактагы саясий ролунун таанылышын билдирет. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев "Кабар" агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын айтымында, ордендин тапшырылышы Түркиянын Кыргызстандын президентин колдой турганын жана анын тышкы саясий ишмердүүлүгүнө оң баа берерин көрсөтөт.

"Бул Түркиянын Кыргызстандын президентин колдой турганын жана аны өлкөнүн татыктуу лидери катары эсептей турганын билдирет. Менимче, муну Борбор Азиянын башка лидерлери да көрүп турушат", – деди саясат таануучу.

Сыйлыктын Кыргызстандын геосаясий позициясына жана Түрк мамлекеттер уюмунун келечегине тийгизе турган таасири тууралуу сөз кылып жатып, Марс Сариев аймактагы туруктуулук Борбор Азия өлкөлөрү жана Түркия үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Түрк дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери аймактагы геосаясий субъекттер экенин түшүнүшөт. Бул жерде туруктуулук абдан маанилүү. Ошондуктан лидерлер Кыргызстанда болуп жаткан процесстерге кылдат жана этият көз салып, өлкөдөгү туруктуулуктун сакталышына үмүт артышат", – деди ал.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сунушу менен Мамлекет башчыларынын кеңеши Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду "Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени" менен сыйлоо чечимин кабыл алган.

Сыйлык түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана тилектештигине кошкон зор салымы, кызматташтыкка жаңы дем берген көрөгөч жетекчилиги жана түрк үй-бүлөсүнүн ынтымагын бекемдөөдөгү өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылган.