Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстан эл аралык журналистика институтун өнүктүрүп, бир нече тил билген кесипкөй журналисттерди даярдоого өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда видео кайрылуу аркылуу билдирди.
Анын айтымында, азыркы дүйнөдөгү татаал кырдаал, ар кандай кагылышуулар жана маалыматтык тирешүүлөр журналистиканын орду менен ролуна өзгөчө маани берүүнү талап кылат.
“Учурдагы журналистика эки жаатта, эки позицияга бөлүнгөнү ачык билинет. Журналистика, эл аралык журналисттер өздөрүнүн позициясын башка бирөөгө таңуулап, ошол эле учурда башка бирөөлөр өздөрүнүн позициясын таңуулап жаткан өзгөчө бир маалыматтык согуш болуп жатат. Чындыгында айтканда, дүйнөдө үчүнчү согуш бул маалыматтык согуштан башталды деп айтса болот.
Ошондуктан биз бул учурда маалыматтык ушундай бир коопсуздук заманында эл аралык журналистиканын ролуна өзгөчө маани беришибиз керек. Азыр мына дүйнөдөгү эң татаал маселе, татаал процесс бул албетте фейкизм. Азыр бардык дүйнөлүк торчолордун бардыгын ушул фейктер ээлеп алды. Себеби коомдун атмосферанын биздин аң сезимдин жалган маалыматтар менен уландырып жаткан бул процесс дүйнөнү ушул бүгүнкү жеткен жерине жеткизип жатканына дагы алардын чоң бир күнөөсү бар. Ошондуктан бул фейкизм азыр мындайча айтканда руханий террорго айланды”, — деди ал.
Султан Раев эл аралык журналистиканын негизги миссиясы элдерди сөз аркылуу бириктирүү болушу керектигин белгиледи.
“Эл аралык журналистиканын азыркы жүргүзүп жаткан негизги миссиясы — сөз менен элди бириктирүү. Сөз менен дубал эмес, сөз менен көпүрө куруу ар бир эл аралык журналисттин кесиптик миссиясы катары аныкталып жатат.
Эл аралык журналистика жөнүндө сөз кыла турган болсок, бүгүн биз эгемен мамлекет катары өзүбүздүн эл аралык журналистика институтун даярдай элекпиз. Бизде эл аралык масштабдагы кесипкөй журналисттер жок. Бул биздин өлкөгө чоң таасирин тийгизип жатат. Биз маалыматтарды үчүнчү, төртүнчү булактардан алып жатабыз. Өзүбүздүн эл аралык деңгээлдеги журналистика платформасы, системасы жок болуп жатканын ачык көрүп жатабыз. Албетте, биздин маалымат агенттиктерибиз кабарларды башка тилдерден алып жатышат. Бирок бул жетишсиз. Ошондуктан биз өз кадрларыбызды даярдашыбыз керек. Мисалы, биздин жакын өлкөлөрдө, ошол эле Түркияда Кыргызстандын кабарчылык пункту жок. Европа мамлекеттерин, Американы айтпай эле коёюн. Ошондуктан эл аралык журналистикага өзгөчө маани берип, беш-алты тил билген адистерди даярдашыбыз керек. Биз ошондо гана Кыргызстандын эгемендигин да, коопсуздугун да камсыздап, өлкө катары таанылышына түздөн-түз таасир бере алабыз”, — деди Султан Раев.
Ошондой эле ал бүгүнкү конференцияда бул багыттагы маанилүү ойлор жана сунуштар айтылып, эл аралык журналистиканы өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.