Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Маданият ишмери, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев тарыхый "Жусуп" тасмасын окуучуларга жана студенттерге көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тасма тууралуу ой-пикирин билдирип жатып белгилеген.
Анын айтымында, тарыхый тасмалар жаш муунга өлкөнүн тарыхын, ошол доордогу окуяларды жана тарыхый инсандардын өмүрүн тасма аркылуу таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Раев "Жусуп" тасмасын жаштар арасында кеңири көрсөтүү тарыхый эстутумду сактоого жана улуттук тарыхка болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал тасмада тарыхый чындык менен көркөм чечмелөөнүн айкалышы маанилүү экенин белгилеп, тарыхый инсандардын образын экранда берүүдө доордун өзгөчөлүгүн, окуялардын ырааттуулугун жана тарыхый маалыматтарды эске алуу зарылдыгын айтты.