Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Жасалма интеллектти өнүктүрүү түрк элдеринин тилин, маданиятын, каада-салтын жана тарыхый мурастарды сактоо менен коштолушу керек. Бул тууралуу Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект жана технологиялык прогресс азыркы замандын негизги маселелеринин бирине айланды. Бул көрүнүштөр адамзаттын келечегине байланыштуу үмүттөрдү жараткандай эле, олуттуу кооптонууларды да жаратууда.
Раев технологиялык өзгөрүүлөр жашоонун бардык тармактарына таасир этип жатканын белгиледи. Ошондой эле жасалма интеллекттин өнүгүшү коомдун алдына азырынча так жооптору жок бир катар суроолорду коюп жатканын айтты.
"Бул бир өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй адамзаттын көйгөйү", — деген Раев жасалма интеллекттин өнүгүшүнүн кесепеттерин терең түшүнүп, аны колдонуу жолдорун аныктоо зарылдыгына токтолду.
Раев жалган маалыматтар олуттуу коркунучка айланганын белгилеп, жасалма интеллект алардын ишенимдүүлүгүн аныктоону татаалдаштырышы мүмкүн экенин айтты. Ал фейк маалыматтарга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондой эле тилди, каада-салттарды, менталитетти, музыканы жана муундан муунга топтолуп келген маданий баалуулуктарды камтыган цивилизациялык эс тутумду сактоо да маанилүү экенин белгиледи.
Анын пикиринде, дүйнөдө масштабдуу өзгөрүүлөр жүрүп жаткан шартта бул мурасты сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү зарыл.
Раев парламенттер технологиялык өнүгүүнүн укуктук негиздерин түзүү менен гана чектелбестен, демократиялык баалуулуктарды, сөз эркиндигин жана элдердин руханий мурасын да коргоого тийиш экенин айтты.
Ал жасалма интеллектти өнүктүрүүдө түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрү эске алынышы керек деген пикирин билдирди.
Сөзүнүн соңунда түрк элдеринин тилдерин жана каада-салттарын камтыган жалпы маданий мурасын сактоодо ТҮРКСОЙ уюму өзгөчө роль ойной турганын белгиледи.