Бишкекте “Велосезон–2025” расмий түрдө ачылды

Спорт 1833 07 Апрель 2025 09:30
1743921054 (1).jpg
1743921123.jpeg
1743921119.jpg
1743921110.jpg
1743921105.jpg
1743921101.jpg
1743921097.jpg
1743921087.jpg
1743921083.jpg
1743921078.jpg
1743921072.jpg
1743921062.jpg
1743921058.jpg
1743921051.jpg
Алдыга
Артка
1743921054 (1).jpg
1743921123.jpeg
1743921119.jpg
1743921110.jpg
1743921105.jpg
1743921101.jpg
1743921097.jpg
1743921087.jpg
1743921083.jpg
1743921078.jpg
1743921072.jpg
1743921062.jpg
1743921058.jpg
1743921051.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.04.25./Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында “Велосезон–2025” аттуу салтка айланган веложүрүш  өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага жүздөгөн шаардыктар — велосипед сүйүүчүлөр жана активдүү жашоо образын жактагандар катышты.

Веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликтен башталып, “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде аяктады. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты велосипед тээп өтүштү. Жүрүш соңунда атайын майрамдык программа уюштурулду.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева да катышып, шаардыктарды куттуктап, Бишкекте вело спортун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен, тартиптүү жана коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

"Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү",-деп айтылат маалыматта.