Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту өнүктүрүү, айыл чарба тармагындагы, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктап, анын жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасынын жетишкен олуттуу ийгиликтерин белгиледи.
Ал Кыргызстан Кытайды маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана эки өлкөнүн жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу колдоп келерин айтты.
Президент Садыр Жапаров транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды ырааттуу түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканына токтолду.
Муну менен катар президент бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи.
Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун мамлекет башчысына жеткирди.
Ал Кытай Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын багытын жогору баалай турганын белгилеп, бул реформалар өлкөдө экономиканын динамикалуу өсүшүн жана калктын бакубаттуулугунун жогорулашын камсыз кылып жатканын айтты.
Ван И практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык аренада эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.