Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү

Президент
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Алдыга
Артка
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Россия Федерациясынын ЖККУга төрагалык кылган мезгилде аткарган олуттуу иштерине токтолду.

Президент Кыргызстандын жамааттык коопсуздукту чыңдоого жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө умтулаарын баса белгиледи.

Тактап айтканда, ал кыргыз аскер кызматчыларынын үстүбүздөгү жылы Казакстан, Россия, Беларус жана Тажикстанда өткөрүлгөн биргелешкен аскердик машыгууларга жигердүү катышкандыгына токтолду.

Мындан тышкары, август айында Кыргызстан өз аймагында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунун базасында “Борбор” биргелешкен аскердик машыгууларын өткөрдү.

Садыр Жапаров мындай иш-чаралардын жамааттык күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана өз ара шайкеш аракеттенүүсүн жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан 2027-жылы ЖККУнун биргелешкен иш-чараларын өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Ал компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде “Канал” баңгизатка каршы операциясынын алкагында чыңдоо зарыл экенин айтты.

Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга өзүнчө токтолуп, чек ара аралык коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча макулдашылган күч-аракеттерди көрүүнүн, ошондой эле өлкөнүн экономикалык жактан калыбына келишине көмөк көрсөтүүнүн жана гуманитардык маселелерди чечүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болоруна токтолуп, аймактык коопсуздук, чыр-чатактардын алдын алуу жана превентивдүү дипломатия маселелери боюнча ЖККУдагы өнөктөштөр менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан ЖККУнун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган 18 документке кол коюлду.