Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында 27–30-июль күндөрү өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун форумунун алкагында уюштурулган көргөзмөгө катышканы үчүн "Дыйкан Азык" ЖЧКсына терең ыраазычылык билдирет.
Компаниянын көргөзмөгө коюлган улуттук азыктары форумдун маданий программасынын маанилүү бөлүгү болуп, чет өлкөлүк жана ата мекендик катышуучуларды кыргыз элинин улуттук даамдары менен тааныштырууга өбөлгө түздү.

Мындай эл аралык иш-чараларга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусу улуттук бренддерди жайылтууга, Кыргызстандын маданий мурасын таанытууга жана өлкөбүздүн эл аралык аброюн чыңдоого олуттуу салым кошот.
“Кабар” агенттиги "Дыйкан Азык" ЖЧКнын форумду өткөрүүгө кошкон салымын жогору баалайт жана көрсөтүлгөн колдоосу жана жемиштүү кызматташтыгы, ата мекендик продукцияны татыктуу таанытканы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.