Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2026-жылдын тогуз айында 500 млн сом камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Закир Айдралиев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы уюм тарабынан 27 млн сом, 2024-жылы 69 млн сом, ал эми 2025-жылы 127 млн сом төлөнгөн. Быйыл жыл аяктай электигине карабастан, тогуз айда төлөмдөрдүн көлөмү 500 млн сомго жеткен.
Айдралиев белгилегендей, 2023-жылы турак жайды камсыздандыруу менен камтуу 8%, 2024-жылы 11%, 2025-жылы 24% түзгөн. Учурда бул көрсөткүч 33%га жетти. Жыл соңуна чейин камтууну 40%га чейин көбөйтүү күтүлүүдө.
"Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу — ОСАГО киргизилген. Ал жабыр тарткан адамдардын мүлкүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууну карайт", - деди ал.
Анын маалыматына караганда, учурда ОСАГО боюнча 146 млн сом, турак жайды камсыздандыруу боюнча 57 млн сом төлөнгөн. Калган сумма камсыздандыруунун башка түрлөрүнө туура келет. Жалпысынан камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн көлөмү 500 млн сомго жеткен.