Кыргызстанда үйүн камсыздандыргандардын саны 410 миңден ашты

Коом
Кыргызстанда үйүн камсыздандыргандардын саны 410 миңден ашты
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу менен камтуу деңгээли 2026-жылы 31,7%га жетти. Бул тууралуу Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 26-октябрына карата 410 миң 643 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 358 миң 315ти түзгөн.

"Турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун жылдык баасы шаарларда 1 200 сом, айыл жергесинде 600 сом. Камсыздандыруу учурунда шаардагы турак жай үчүн 1 млн сомго чейин, айылдагы үй үчүн 500 миң сомго чейин төлөм каралган", - деп айтылат маалыматта.

Ал белгилегендей, 2026-жылдын башынан 26-октябрына чейин 315 камсыздандыруу учуру боюнча жалпы 60 млн 172 миң 219 сом төлөнгөн.

Камсыздандыруу келишимин "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын филиалдарынан же расмий каналдары аркылуу түзүүгө болот. Арыз жана керектүү документтер кабыл алынгандан кийин камсыздандыруучу уюм 30 календардык күндүн ичинде төлөм жүргүзүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.