Көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн үй – бул жашаган жер гана эмес, көп жылдык эмгек жана олуттуу каражаттардын эсебинен алынган эң баалуу мүлк. Бирок табигый кырсыктар турак жайга зыян келтириши же аны толугу менен кыйратышы мүмкүн. Мындай кырсыктардын качан жана кайсы жерде болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Мындай учурларда турак жайды камсыздандыруу мүлктү коргоонун жана каржылык чыгымдарды азайтуунун бир жолу болуп саналат.
Кыргызстанда акыркы жылдары турак жайды камсыздандырууга кызыгуу өсүүдө. Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги турак жайды камсыздандыруу эмне үчүн керектигин, аны тариздөөнүн баасы канча экенин, камсыздандыруу учуру келгенде кандай төлөмдөр каралганын жана жабыркаган же кыйраган турак жай үчүн компенсацияны кантип алууга болорун баяндайт.
Турак жайларды камсыздандыруунун камтуусу 30%дан ашты
Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков билдиргендей, Кыргызстанда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасы жарандардын мүлкүн коргоого жана күтүлбөгөн кырсыктардын кесепеттерин азайтууга багытталган.

Анын айтымында, 2024-жылы камсыздандыруу боюнча 249 миң 538 жаңы келишим түзүлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 358 миң 315ке жеткен. Ошентип, 2025-жылы жаңы келишимдердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 108 миң 777ге же болжол менен 43,6%га көбөйгөн.
Актан Турумбеков билдиргендей, 2026-жылдын 26-октябрына карата жаңы түзүлгөн келишимдердин саны 410 миң 643тү түзгөн.
"Бул көрсөткүч календардык жылды толук камтыбагандыктан, аны 2025-жылдын толук жылдык көрсөткүчү менен салыштырууда мезгилдердин айырмасын эске алуу зарыл", – деп белгиледи ал.
Анын маалыматына ылайык, аймактар боюнча маалыматтарда 2026-жылы турак жайлардын жалпы саны 1 млн 294 миң 967 болсо, камсыздандыруу боюнча 410 миң 643 келишим түзүлгөн. Эсептөөлөргө ылайык, камсыздандыруу менен камтуу деңгээли болжол менен 31,7%ды түзгөн. Ал эми 2025-жылы турак жайлардын жалпы саны 1 млн 251 миң 515ти түзүп, 358 миң 315 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Камтуу деңгээли 28,6% болгон.
Актан Турумбеков аймактар боюнча маалыматтарга ылайык, камсыздандыруу менен камтуу деңгээли 2025-жылдагы 28,6%дан 2026-жылы 31,7%га чейин өскөнүн белгиледи.
Камсыздандыруу канча турат жана кандай төлөмдөр каралган?
Анын маалыматы боюнча, турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун жылдык баасы шаарларда 1 миң 200 сомду, ал эми айыл жергесинде 600 сомду түзөт.
"Камсыздандыруу келишими мыйзамдарда белгиленген шарттарга ылайык турак жайды өрттөн жана тиешелүү табигый кырсыктардан коргоону карайт", – деп кошумчалады Актан Турумбеков.
Анын белгилешинче, камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү шаарлардагы турак жайлар үчүн 1 млн сомго чейин, ал эми айыл жериндеги үйлөр үчүн 500 миң сомго чейин жетет. Төлөнүүчү так сумма келтирилген зыяндын өлчөмүнө жана белгиленген эсептөө методикасына жараша аныкталат.

Ал турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимин "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын филиалдарынан, ошондой эле уюмдун расмий каналдары аркылуу түзүүгө болорун белгиледи.
Адатта, келишим түзүү үчүн арыз, камсыздандыруучунун паспортунун көчүрмөсү жана турак жайга менчик укугун тастыктаган документ талап кылынат.
Камсыздандыруу төлөмүн кантип алууга болот?
Камсыздандыруу ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адам же төлөмдү алууга укуктуу жак арыз жана керектүү документтер менен кайрылат.
"Төлөмдүн өлчөмү турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча колдонулган эсептөө методикасына ылайык аныкталат", – деди ал.

Анын айтымында, бардык керектүү документтер алынгандан кийин камсыздандыруучу уюм арызды 30 календардык күндүн ичинде карап чыгып, төлөм жүргүзүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Ал иш жүзүндө төлөм жүргүзүү мөөнөтү мындан кыска болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Бул конкреттүү кырдаалга жана берилген документтердин толуктугуна жараша болот.
2026-жылы камсыздандыруу учурлары боюнча канча төлөм жүргүзүлдү?
Осмоналиев белгилегендей, 2026-жылдын башынан тартып 26-октябрына чейин турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасынын алкагында 315 камсыздандыруу учуру боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн. Жалпы төлөмдүн суммасы 60 млн 172 миң 219 сомду түзгөн.
"2024-жылдан 2025-жылга чейин жаңы келишимдердин санынын кыйла көбөйүшү турак жайды камсыздандыруу системасынын камтуусу кеңейип жатканын көрсөтөт. Аймактар боюнча маалыматтарга ылайык, 2026-жылы камтуу деңгээли 31,7%дан ашты", – деп белгиледи ал.

Камсыздандыруу келишимдеринин санынын өсүшү Кыргызстанда турак жайын табигый кырсыктардан коргоого көңүл бурган жарандардын саны көбөйүп жатканын көрсөтөт. Мындай мүмкүнчүлүк өзгөчө маанилүү, анткени кырсыктардын кесепеттери үй-бүлөлөр үчүн олуттуу каржылык чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Милдеттүү камсыздандыруу турак жай ээлерине белгиленген шарттардын чегинде компенсация алууга мүмкүнчүлүк түзүп, жабыркаган үйдү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга жардам берет. Ошондуктан жарандар камсыздандырууну тариздөө мүмкүнчүлүгү, анын шарттары жана төлөмдөрдү алуу тартиби тууралуу маалыматка ээ болушу маанилүү.
Жазган Юлия Скоробогатова
Которгон Аида Тургунбек кызы