Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Өлкөдө санариптик кызматтарды көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялардын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосу камсыз кылынууда.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, аталган иштердин алкагында "ВК" ЖЧКсы ("ВКонтакте") Кыргызстанда салыктык каттоодон өтүп, отчеттуулугун тапшырды жана салыктык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарды.
Чет өлкөлүк санариптик компаниялардын салыктык каттоодон өтүшү жана салыктарды төлөшү катталган өлкөсүнө карабастан, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарды камсыз кылат.