Салыкчыларга коррупциянын кесепеттери эскертилди

Коом
862386169_1916692756407508_2446081804618833870_n.jpg
864145866_27454283734270087_8070161496768270942_n.jpg
864787843_1891881045173174_6424628537524674648_n.jpg
864891170_1442962447358343_1405751912725958235_n.jpg
870636693_1138891868521621_6084917274135937888_n.jpg
873564025_2072788136766845_468228841963097944_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине коррупциялык аракеттердин кесепеттери, кызматтык этиканы сактоо жана мыйзам бузууга түрткөн фактылар тууралуу кабарлоо тартиби түшүндүрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, коррупциянын алдын алуу боюнча окутууга борбордук аппараттын жана аймактык салык органдарынын кызматкерлери катышты. Иш-чара офлайн жана онлайн форматта өтүп, аны коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Ахматов өткөрдү.

Окутууда салыктык текшерүүлөр, салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү, уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик сатып алуулар жана кадр маселелери коррупциялык тобокелдиктер жогору болгон багыттар катары белгиленди.

Ошондой эле кызматкерлерге салыктык сырды сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана кызматтык чектөөлөрдү сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге түрткөн учурлар тууралуу билдирүү тартиби жана мындай маалыматтарды кароо жол-жобосу тааныштырылды. Мыйзам бузууга түрткөн фактылар тууралуу кабар берген кызматкерлерди коргоо боюнча чаралар каралганын Акылбек Ахматов белгиледи.