Салык карызыңыз бар: Алдамчылар жарандарды кантип тузакка түшүрүүдө?

Коом
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жарандарды өздөрүн салык органынын кызматкерлери катары тааныштырган алдамчылардан сак болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, шылуундар телефон чалып же билдирүү жөнөтүп, салык карызы же айып пул бар экенин айтып, акчаны тез арада төлөөнү талап кылышы мүмкүн. Ошондой эле Салык кызматынын атынан жасалма каттарды жана төлөм жүргүзүү үчүн QR-коддорду жөнөтүшөт.

Мекеме кызматкерлери телефон же мессенжер аркылуу акча которууну, салык төлөөнү, отчет тапшырууну талап кылбай турганын эскертти. Ошондой эле алар сыр сөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын сурашпайт.

Жарандарга салык карызы тууралуу маалыматты Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу текшерүү же салык органына түз кайрылуу сунушталат. Расмий байланыш телефондору sti.gov.kg сайтындагы "Байланыштар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

"Алдамчылыкка туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылуу же 102 номерине чалуу зарыл",-деп айтылат маалыматта.