Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинин 35-отурумунда чет элдик маалымат агенттиктерин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири чагылдырууга чакырды.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн конокторду татыктуу тосуп алуу, элибиздин салттуу меймандостугун көрсөтүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү өтө маанилүү.
Андан сырткары ал “Кабар” агенттиги да ири эл аралык иш-чараны кеңири чагылдырууга даярданып жатканын белгиледи.
“Биздин негизги максат — коомчулукту мелдештер жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жерлерден түздөн-түз ыкчам жана үзгүлтүксүз маалымат менен камсыз кылуу” — деди директор.
Шерметалиев жыйынга катышып жаткан маалымат агенттиктеринин жетекчилерин да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кеңири чагылдырып берүүгө чакырып өттү.
“Урматтуу кесиптештер, ушул жерден сиздерге кайрылып, колдоо көрсөтүп коюуңуздарды өтүнгүм келет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — эл аралык масштабдагы маанилүү иш-чара. Ошондуктан биз үчүн анын алкагындагы маалыматтардын Кыргызстандын чегинен тышкары кеңири жайылышы абдан маанилүү.
Сиздердин маалымат агенттиктериңиздерде оюндар тууралуу жаңылыктар, репортаждар жана башка материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турса, абдан ыраазы болот элек”,— деп сөзүн жыйынтыктады ал.