Түркмөнбашы бир нече эл аралык саммиттерди кабыл алды. Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан бул шаарда ири деңиз порту жана маанилүү транспорттук түйүн жайгашкан. Бул жер Евразиядагы негизги транспорттук коридорлор кесилишкен маанилүү логистикалык борбор болуп саналат. Азербайжан, Иран, Казакстан, Россия жана Түркмөнстандын жээктерин чулгап жаткан Каспий деңизи жүктөрдү ар кайсы багыттарга — Перс булуңуна, Европанын ички аймактарына жана түндүк аймактарга ташууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Демек, Түркмөнбашыны көптөгөн мамлекеттердин стратегиялык кызыкчылыктары кесилишкен жер деп атоого болот. Ошондуктан эксперттер жогорку деңгээлдеги ири саясий форумдардын, анын ичинде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) юбилейлик саммитинин дал ушул шаарда өтүп жатканын өзгөчө символикалык мааниге ээ окуя катары баалашууда.

Иш-чаралардын программасы буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин консультативдик жолугушуусу менен башталган. Акыркы жылдары биздин аймак менен Кавказ өлкөлөрү кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишти. Саясий позициялар бири-бирине кыйла жакындап, экономикалык кызматташтык транспорттук байланыштарды өнүктүрүү менен катар кеңейүүдө.
Кыргызстан Каспий деңизине мультимодалдык жүк ташуу аркылуу чыгат. Мында жүктөрдүн бир бөлүгү алгач автомобиль транспорту менен ташылып, андан соң темир жол вагондоруна жүктөлүп, портко жеткирилет. Учурда мындай логистикалык жол жетиштүү деңгээлде татаал жана чыгымы көп. Бирок келечекте инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылгандан кийин абал түп-тамырынан өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти кесиптештери менен болгон жолугушууда билдирди.
Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу аймактагы транспорттук байланыштардын ишенимдүүлүгүнө, жүк ташуунун наркына жана транзиттик шарттардын алдын ала болжолдоого мүмкүн болушуна түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, бул долбоор аймактагы өлкөлөр үчүн кошумча транспорттук каттамдарды ачарын белгиледи.

“Биз үчүн негизги көрсөткүчтөр так өлчөнө турган натыйжалар болушу керек. Тактап айтканда, жүк жеткирүүнүн наркын төмөндөтүү жана жолго кеткен убакытты кыскартуу зарыл. Ошол эле учурда ар бир өлкө аймактык транспорттук долбоорлорго толук кандуу катышууга жана алардан экономикалык пайда алууга мүмкүнчүлүк алышы керек”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Ал эми эксперттер азыркы учурда, дүйнөдө өзгөрүүлөр жүрүп, геосаясий кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп жаткан шартта, туруктуу транспорттук байланыштарды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилешүүдө. Жаңы өсүү борборлору пайда болуп, алар белгилүү бир деңгээлде өнүгүүнүн логикасын өзгөртүү менен кызматташуунун жаңы форматтарынын калыптанышына түрткү берүүдө.
Тез өзгөрүп жаткан бүгүнкү шартта 1990-жылдардын башында түптөлгөн кызматташтык механизмдерине да суроо-талап күчөп жатат. КМШнын саммитине Түркмөнстанда тогуз мамлекеттин башчысы катышты. Алар — Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн, ошондой эле Армения, Азербайжан, Россия жана Беларустун лидерлери. Мындан тышкары, кеңейтилген форматтагы жыйынга онунчу катышуучу катары Ирандын президенти Масуд Пезешкиан чакырылды.
Иран Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен эркин соода аймагы жөнүндө келишимге буга чейин эле жетишкен. Ал эми КМШ алкагында экономикалык кызматташтык маселеси өнөктөштөрдүн санынын көптүгүнөн улам кеңири форматта каралууда. Кандай болгон күндө да, жаңы байланыштар өз натыйжасын бере баштады. Мисалы, Тегеран менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде Душанбе Ирандан мунай жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ала баштады.
Ирандан жүк жеткирүү аралыгынын кыска болушу Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө мунай продуктуларын сатып алуу булактарын диверсификациялоого, башкача айтканда, жеткирүүчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми ыңгайлуу логистикалык каттамдардын, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өтүүчү трансконтиненталдык темир жолдун пайда болушу Кытай – Борбор Азия – Кавказ – Жакынкы Чыгыш багытындагы кургактык транспорттук коридорун түзүүгө шарт түзөт.
Бул өз кезегинде ири рынокторго чыгууга, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө, өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Өз ара кызматташтыктын ийгиликтүү болушунун негизги шарттары — транспорттук жеткиликтүүлүк жана энергетикалык ресурстардын болушу. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов күч-аракеттерди дал ушул эки багытка топтоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
“КМШ форматы актуалдуу эл аралык маселелер боюнча дипломатиялык консультацияларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу жана алгылыктуу аянтча экенин көрсөттү. Гуманитардык байланыштардын чөйрөсү да бай жана ар түрдүү. Ал маданиятты, илимди, билим берүүнү, спортту, туризмди жана башка бир катар маанилүү багыттарды камтыйт. Мунун баары Шериктештикке кирген элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, — деди Бердымухамедов.

Беларустун президенти Александр Лукашенко КМШнын түзүлүү тарыхына токтолду. “Өткөндү эстегенде, биздин Шериктештик кандай татаал шарттарда түзүлгөнү эске түшөт. Советтер союзу ыдырагандан кийин тышкы күчтөр жаңыдан көз карандысыздыкка жеткен мамлекеттерди өз кызыкчылыгына жараша башкарууга ачык эле аракет кылышкан. Тилекке каршы, мындай саясат азыр да уланууда. Биздин уюмду ар кандай жолдор менен каралап, “геосаясий жактан мааниси жок түзүлүш” жана “миф” деп аташкан. Анын өмүрү эң көп дегенде бир-эки айга гана уланат деп болжолдошкон. Ал тургай, республикаларыбыздын интеграцияланышы мүмкүн экенин ойлоруна да алышкан эмес”, — деп белгиледи Лукашенко.

Россиянын лидери Владимир Путин КМШ өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүш тууралуу сөз кылып, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканын белгиледи. “Иш жүрүп жатат. Белгилей кетчү нерсе, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия менен КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 110 миллиард доллардан ашты. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дагы 19 пайызга өстү. Мындан да тез өнүгүүгө болобу? Мүмкүн, болот. Бул үчүн эмне кылуу керек? Тоскоолдуктарды жоюу зарыл”, — деп сөзүн жыйынтыктады Путин.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров соода-экономикалык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле энергетика, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика, санариптик экономика жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле Кыргызстан Шериктештикти чыңдоого өз салымын кошууга даяр экенин баса белгиледи.
Кыргызстандын президенти туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тоолуу аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн келечегине да токтолду. Ал КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” аталган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында Садыр Жапаров 2028-жылы кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата КМШнын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.
Эксперттердин белгилешинче, Шериктештик маданий-гуманитардык демилгелер жана спорт маселелери талкууланган аянтча менен гана чектелбей калды. Өнөктөш өлкөлөр энергетика жана аймактык логистика сыяктуу тармактарды камтыган кызматташтыктын жаңы багыттарын издеп жатышат.
Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Евразия аймагы барган сайын ийкемдүү жана динамикалуу мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи.
“Санкциялык басым күчөп, дүйнөнүн саясий картасы өзгөрүп, мамлекеттердин ортосундагы ажырым тереңдеп жаткан шартта Евразия аймагы таптакыр жаңы өңүттө калыптанууда.
Иран буга чейин эле КМШ өлкөлөрүнө мунай продуктуларын жеткирип жатат. Соода тармагында жакындашуу айкын байкалып, буга чейин Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин кошкондо, бардык аянтчаларда диалог жанданып жатат. КМШ алкагындагы интеграциялык процесстер жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы кызматташтык жаңы тенденциялардын пайда болуп жатканын көрсөтүүдө. Бул өзгөрүүлөр башка тармактарга да таасирин тийгизүүдө. Алардын катарына бүтүндөй Евразия аймагындагы аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери да кирет”, — деди Эсен Усубалиев.

“Учурда Россия менен Ирандын ортосунда экономикалык, аскердик-технологиялык жана башка тармактардагы кызматташтык жигердүү өнүгүүдө. Эки өлкө Каспий деңизи аркылуу жүк ташууну гана эмес, “Түндүк – Түштүк” транспорттук коридорунун алкагында темир жол байланышын да өнүктүрүп жатышат. Ормуз кысыгынын бөгөттөлүшү бул процесстердин маанисин дагы да арттырууда. Мындай шартта Ирандын катышуусу менен өнүгүп жаткан кургактыктагы транспорттук каттамдар өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул жагдай 2013-жылдан бери кургактык аркылуу жүк ташууга басым жасап келген “Бир алкак — бир жол” демилгесине, ошондой эле Кытай жана Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан Түндүк деңиз жолу сыяктуу жаңы багыттарга үндөш. Мунун баары дүйнөлүк транспорттук жана соода түзүмүнүн олуттуу өзгөрүүгө дуушар болуп жатканын көрсөтөт.
Ушул тенденциялардын алкагында КМШ мейкиндиги жаңы деңгээлге чыгып, мамилелердин жаңы форматтары калыптанат деп күтүүгө болот. Бул процессте “КМШ+” форматы негизги ролдордун бирин ойнойт”, — деп эсептейт Эсен Усубалиев.
КМШ бүгүн жаңы дем менен кайрадан маанилүү ролго ээ болууда. Тынчтыкты жана ынтымакты көздөгөн уюм катары Шериктештик 35 жыл ичинде негизинен өнүгүүгө багытталган күн тартибин карманып, гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө, билим берүү маселелерине жана жаштарды тарбиялоого өзгөчө көңүл буруп келди. Өнөктөш мамлекеттер ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон татаал мезгилдерде да Шериктештик өз ишмердүүлүгүн уланта алды.
Бүгүнкү күндө КМШ өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо менен эл аралык өнөктөштүктүн заманбап институту болууга жана ошол макамын сактап калууга басым жасоодо.