Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

Президент 9 октябрь 2026 12:15
841167423_1699905295477431_2141655215686942448_n.jpg
842256719_1699905418810752_7626539869913993682_n.jpg
838516819_1699905608810733_1192899843481422649_n.jpg
839671485_1699905698810724_6347386996688914643_n.jpg
842995622_1699905272144100_3541201585445177019_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү.

Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Илхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.

Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.