Логистика, өндүрүш жана ГЭС: Кыргызстанга салым кошкон Азербайжан инвестициясы

Аналитика Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 17:10
WhatsApp Image 2026-07-24 at 10.15.51.jpeg
copyright icon ИИ Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан транзиттик, энергетикалык, социалдык ири долбоорлор биздин өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун кыйла жакшыртты. Өзгөчө учурда курулушу кызуу жүрүп жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Кавказ өлкөлөрүнө да үмүт берди. Ал эми биздин мамлекет үчүн Азербайжан өнүктүрүп жаткан Транскаспий каттамы маанилүү. Логистикалык инфраструктураны Кытайдан Европага чейин өнүктүрүү эки мамлекетке тең эбегейсиз соода мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Кыргызстан менен Азербайжанды тарых, маданият жана бир туугандык мамилелер бириктирип турат. Ал эми акыркы жылдары экономикалык алаканы жандандыруу аракети жүрүп жатат. Бул милдет Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн.

Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун каржылык механизм ролу

Азербайжан президенти Илхам Алиев 2022-жылы Бишкекке келгенде Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондун (АКӨФ) түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Башында уставдык капиталы 25 млн доллар болчу. 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарында капитал дээрлик 4 эсеге – 100 млн долларга көбөйтүлгөн. Азербайжандын президенти Илхам Алиев жергиликтүү ишкерлердин Кыргызстанга кызыгып жатканын белгилеген.

“100 млн доллар чек эмес деп ойлойм. Биз тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө биргелешкен инвестициялык фонд долбоорлорун ишке ашыруу механизмин тез арада ишке киргизүү боюнча тапшырмаларды бердик”, - деп белгилеген Алиев.

Фонддун баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан. Анын өзгөчөлүгү потенциалдуу долбоорду каржылап, өнөктөш катары бирге иштейт. Мисалы, ишкерге 1 млн доллар керек болсо, бул сумманын 49%ын каржылап берет. Башка фонддордон насыя бербей жана күрөө албай турганы менен айырмаланат. Учурда фонддун катышуусу менен бир катар энергетикалык, туристтик, логистикалык жана өндүрүштүк долбоорлор ишке ашырылууда.

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курулууда

Азербайжандын инвестициясы менен Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 5 жылдыздуу мейманкана курулууда. Обьект туристтерди, расмий делегацияларды, бизнес өкүлдөрүн, эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана эс алуучуларды жайгаштырууга багытталат. Жалпысынан 17,24 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Анын 4 гектары сейил бак, 1 гектары пляж. Ал эми калганы бөлмөлөр, конференц-залдар, коомдук тамактануу жайлары, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо аймактары.

Ысык-Көл облусунун Түп дарыясында чакан ГЭС курулуп жатат

2025-жылы Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду жана “Түп ГЭС” ишканасы Ысык-Көл облусундагы Түп дарыясында чакан ГЭС куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Кубаттуулугу 9 МВт станция жылына 37 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоор фонддун 49% катышуусунда ишке ашырылып жатат.

Ош облусундагы Кулун дарыясында чакан ГЭС салынып жатат

Ош облусундагы Кулун дарыясындагы ГЭСтин кубуттуулугу 5,4 МВт. АКӨФ инвестициясы ГЭСтин наркынын 48,1 пайызын түзөт. Курулуш ишке ашса жылына 24 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, Ош облусуна кошумча электр энергиясын берет.

Кыргызстандагы биринчи килем заводу курулду

АКӨФ жана "Орион-Гранд" ишканасы Чүй облусунда жеңил өнөр жайын колдоо боюнча инвестициялык келишимге кол коюшкан. Завод Турак жай, мейманкана жана кеңселер үчүн тиричилик жана коммерциялык килемдерди өндүрүүдө. Завод "Бишкек" эркин экономикалык аймагында жайгашкандыктан, жеткирүү тез жана чыгымдары аз. Долбоордун жалпы баасы 300 млн сомдун тегерегинде болсо, анын үчтөн бири фонддун салымы.

Чүйдө 300 орундуу тигүү фабрикасы иштеп жатат

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылындагы тигүү фабрикасы 2025-жылы ачылган. Ишкана жылына 1 миллион даанага чейин продукция чыгарууга эсептелген. Бул жерде 300 жумушчу орун түзүлүп, жалпы инвестициянын көлөмү 170 миллион сомду түздү. Каржылоо АКӨФ жана жергиликтүү "KG TEX" компаниясынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Ош шаарында заманбап медициналык кардиологиялык борбор курулууда

АКӨФ 2018-жылдан бери иштеп келе жаткан Ош клиникасынын жаңы медициналык борборун куруу долбоорун каржылоодо. Фонд долбоордун жалпы баасынын 35 пайызын инвестициялайт. Клиниканын аянты 3000 чарчы метр болгон 5 кабаттуу жаңы имараттын курулушу жана ал заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Азыр клиникада 30 орун, 40тан ашык дарыгер бар. Кардиология, ревматология, эндокринология, неврология жана интенсивдүү терапия багыттарында иштейт. Өлкөнүн түштүк аймагында медицинанын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, жаңы жумуш орундары түзүлөрү айтылган.

Ысык-Көлдө чычырканакты кайра иштетүү жана сактоочу логистикалык борбор каржыланууда

АКӨФ жана "Danis Berry" ишканасы Ысык-Көл аймагында европалык сорттогу чычырканакты кайра иштетүү жана сактоо үчүн логистикалык борбордун курулушу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшкан. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого жетет. Долбоор айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо үчүн заманбап стандарттарды киргизет, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана ата мекендик продукцияларды тышкы рыноктордо жайылтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун Кыргызстан менен Азербайжандын экономикасына таасири

Азербайжан менен биргеликте аткарылып жаткан долбоорлор бир жолку келишимдер эмес. Фонд биргелешкен иштерди каржылоонун туруктуу механизми. Бул Азербайжан Кыргызстанды келечектүү инвестициялык багыт катары көрүүдө дегенди билдирет. Бул туурасында медиаэксперт Азамат Касыбеков билдирди. Ал 10-15 жылдан бери азербайжандык алдыңкы маалымат каражаты менен тыгыз кызматташып, Кыргызстандагы азербайжан элинин диаспоралары менен жакындан иштешип келет.

WhatsApp Image 2026-07-24 at 09.39.41.jpeg
“Бүгүнкү күндө кыргыз-азербайжан мамилелери салттуу маданий-гуманитардык күн тартибинен конкреттүү инвестициялык деңгээлге чыкты. Биздин өлкө үчүн мындай кызматташтыктын баалуулугу капиталды тартууда эле эмес, жаңы технологияларды, бизнес тажрыйбасын алууда жана Каспий деңизи аркылуу Кавказ, Түркия жана Европага транспорттук жолдорго жетүү мүмкүнчүлүгүндө да жатат.
Учурда экономикалык кызматташтыктын масштабы саясий мамилелердин жогорку деңгээлинен артта калууда. Ошондуктан саясий ишенимди конкреттүү инвестициялык долбоорлорго, жаңы жумуш орундарына жана кыргыз экспортунун өсүшүнө айландыруу мүмкүнчүлүгүн коё бербөө керек. Ийгиликтин негизги көрсөткүчү - кол коюлган документтердин саны эмес, ишке киргизүү ылдамдыгы жана ишке ашырылган долбоорлордун сапаты”, - деди медиаэксперт Азамат Касыбеков.

Эксперт сөз кылган транспорттук жолдор боюнча айта турган болсок, кеп бизде курулуп жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу жөнүндө болууда. Аталган темир жолго Кавказ өлкөлөрү да үмүт артышууда. Ал Азербайжан үчүн Борбор Азия аркылуу Кытайга түз чыгуучу, ал эми Кыргызстан үчүн Кавказ аркылуу Европага жол ачуучу жаңы глобалдык логистикалык чынжырдын негизги кесими болуп саналат.

WhatsApp Image 2026-07-24 at 10.17.10.jpeg

Бул темир жол курулуп бүтсө, Азербайжан кызуу өнүктүрүп жаткан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын курамдык бөлүгү болуп калат. Жүктөр Кытайдан чыгып, Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга андан ары Каспий деңизи аркылуу түз Азербайжандын Баку портуна келет. Андан ары Азербайжандын темир жол инфраструктурасы аркылуу дароо Баку — Тбилиси — Карс багыты менен Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө ыкчам жетет.

Азербайжан Кытайдан келген ири көлөмдөгү жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүү менен транзиттик потенциалын максималдуу түрдө арттырат. Ошондуктан расмий Баку бул темир жолдун курулушуна стратегиялык жактан абдан кызыкдар. Экономист Искендер Шаршеев бул жагдайдын Кыргызстан үчүн да экономикалык мааниси жогору экенин белгиледи.

1750684140_iskender-sharsheevgshne.jpg
“Бул арада Азербайжандын мунайдан башка экспорту да көбөйүп, Кытай, Борбор Азия жана Европаны байланыштырган транспорттук түйүн катары ролу күчөп баратат.
Биздин өлкө менен соода жүгүртүүсү азырынча чоң эмес, бирок өсүү темпи жогору. Өзгөчө Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу менен Орто коридордун өнүгүшү жүк ташууну, логистиканы жана сооданы күчөтүшү мүмкүн. Азербайжан бизге бензинди ири көлөмдө жеткизе алмак. Ошондуктан Азербайжандагы инвестицияны Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия менен байланыштырган стратегия узак мөөнөттө пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок инфраструктуранын чектелүүсү, бюрократия жана рыноктун чакандыгы сыяктуу тобокелдиктерди да эске алуу керек”, - деди экономист Искендер Шаршеев.

Акыркы 20 жылда Азербайжандын экономикасына 350 миллиард доллардан ашык инвестиция салынган. Анын жарымы чет элдик инвестициялар. Бул өлкөнүн экономикалык ачыктыгынан кабар берет. Азербайжанда кыргызстандык капитал менен биздин 20дан ашык компания иш алып барып жатканы айтылып келет. Баку шаарында Кыргызстандын соода үйү ачылган. Бул биздин өлкөнүн улуттук продукциясын, инвестициялык потенциалын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн туруктуу аянт.