Билим берүүдө жаңы тартип: сабак убактысы жана окуучулардын жүгү көзөмөлдөнөт

Билим Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 14:40
WhatsApp Image 2026-07-28 at 12.25.42.jpeg

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Мектерде окуучулар үчүн сабак убактысы жана үй тапшырмаларынын көлөмү белгиленди.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 1-класстын сабагы 40 мүнөт болот. Сабактардын ортосунда 10–15 мүнөттүк кыймыл-аракет, музыка менен эс алуу тыныгуусу берилет.

2-класстарда да сабак 40 мүнөт, ал эми 3–11-класстарда 45 мүнөттөн өтүлөт.

Мектептер төмөнкү эрежелерди сакташы керек:

Сабак эртең мененки саат 8:00дөн эрте башталбашы керек.

Эгер мектеп эки нөөмөттө иштесе, 1, 2, 5-класстар биринчи нөөмөттө окушу керек.

Үй тапшырмасынын көлөмү чектелет:

1-класстарга үй тапшырмасы берилбейт;

2–3-класстарга — күнүнө 1,5 саатка чейин;

4–5-класстарга — 2 саатка чейин;

6–8-класстарга — 2,5 саатка чейин.

Сабактардын жүгүртмөсү окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбегендей, санитардык талаптарга ылайык түзүлүшү керек.

Окуу учурунда окуучуларды айыл чарба иштерине тартууга болбойт.