Мектеп окуучуларынын эс алуу күндөрү белгилүү болду

Билим
Мектеп окуучуларынын эс алуу күндөрү белгилүү болду
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. 2026-2027-окуу жылындагы мектеп каникулдарынын графигине ылайык, окуучулардын күзгү эс алуусу 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин созулат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ал эми кышкы каникул 2027-жылдын 1-январынан 10-январына чейин, жазгы эс алуу 3-марттан 8-мартка чейин, ал эми майрамдык каникул 1-майдан 9-майга чейин белгиленди.

Ошентип, сабактар күзүндө 16-ноябрда, кышында 11-январда, жазында 9-мартта жана майрамдык эс алуудан кийин 10-майда улантылат.

Мындан тышкары, 1-класстын окуучуларына эки жума, 2-класстын окуучуларына бир жума кошумча каникул берилет. Анын так мөөнөтүн жергиликтүү билим берүү башкармалыктары аймактын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен аныктайт.