Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкектеги 100дөн ашык мектепке шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылып, 2026-2027-окуу жылында өлкөнүн 500 мектебиндеги 3-5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулат.
"Мектептерге шахмат такталары, фигуралар жана таймерлер берилет. Учурда жабдууларды өлкөнүн башка аймактарындагы мектептерге жеткирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Долбоордун жыйынтыктарына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлөт.