Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы тобокелдиктерди азайтуу жана дыйкан-фермерлерди жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында агро камсыздандыруу системасын кайра жандандыруу иштери башталды.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, учурда күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча жаңы продукт иштелип чыкты.
Жаңы механизм дыйкандарга кургакчылык, мөндүр, үшүк, сел жана башка жаратылыш кырсыктарынан улам түшүмдүн азайышынан же жок болушунан келип чыккан финансылык чыгымдарды азайтууга жардам берет.
Агро камсыздандырууну киргизүүгө мамлекеттик негиз түзүлдү
Пилоттук программаны ишке ашыруу министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №39-р тескемеси менен бекитилген 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын 639-пунктунда каралган.
Ага ылайык, айыл чарба жерлерин табигый кырсыктардын тобокелдиктеринен камсыздандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул демилге өлкөдө агро камсыздандырууну практикалык негизде кайрадан ишке киргизүүгө багытталган.
Кургакчылык, мөндүр жана үшүктөн коргоо каралган
Жаңы камсыздандыруу продуктусу күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ар кандай жаратылыш тобокелдиктеринен коргоону камтыйт.
Күздүк буудай үчүн катуу сууктан үшүп кетүү, калың кар, муз катмарынын пайда болушу жана өсүмдүктөрдүн чириши сыяктуу тобокелдиктер каралган.
Ал эми жаздык буудай кургакчылык, мөндүр, катуу шамал, нөшөрлүү жаан-чачын, сел, суу ташкыны жана жазгы кеч үшүктөн камсыздандырылат.
Алгач үч облуста ишке ашырылат
Пилоттук долбоор биринчи этапта Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлөт.
Программага дыйкан-фермердик чарбалар жана айыл чарба ишканалары катыша алышат. Камсыздандырууга алынуучу айдоо аянтынын жалпы көлөмү кеминде 2 гектар болушу керек.
Фермерлер өздөрү тандаган шартка жараша базалык түшүмдүүлүктүн 70, 80 же 90 пайызын камсыздандыра алышат. Тарифтер аймакка, буудайдын түрүнө жана тандалган коргоо деңгээлине жараша аныкталат.
Түшүм азайса, камсыздандыруу төлөмү берилет
Камсыздандыруу окуясы катталган учурда уюмдун адистери талаага чыгып, эгиндин абалын жана иш жүзүндөгү түшүмдүүлүктү аныкташат.
Эгерде алынган түшүм келишимде көрсөтүлгөн камсыздандырылган түшүмдүүлүктөн аз болсо, айырмасына жараша камсыздандыруу төлөмү эсептелет.
Мындан тышкары, күздүк буудай кыш мезгилинде толугу менен же жарым-жартылай жок болгон учурда келишимдин шарттарына ылайык, жабыркаган аймактын камсыздандыруу суммасынын 30 пайызы өлчөмүндө төлөм жүргүзүү механизми каралган.
Фермерлер үчүн финансылык коргоо
Агро камсыздандыруу айыл чарба өндүрүшүндө жаратылыш кырсыктарынан келип чыккан чыгымдарды азайтуунун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат.
Жаңы механизм дыйкандарга түшүмүн жана ага жумшаган каражатын коргоого, күтүлбөгөн кырдаалдарда финансылык жоготууларды азайтууга жана кийинки айыл чарба сезонун пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бул демилге аркылуу агрардык тармакта камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүнү жана фермерлер үчүн кошумча финансылык коргоо механизмин түзүүнү көздөйт.