Үйүн камсыздандырган жаран кырсык болгондо төлөмдү кантип ала алат?

Коом
Үйүн камсыздандырган жаран кырсык болгондо төлөмдү кантип ала алат?
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Турак жайын милдеттүү камсыздандырган жаран камсыздандыруу окуясы катталган учурда полисти качан алганына карабастан кенемте ала алат. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

Анын айтымында, турак жайды милдеттүү камсыздандыруунун баасы шаар тургундары үчүн 1 200 сомду, айыл жергесинде жашагандар үчүн 600 сомду түзөт.

Камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү шаардагы турак жайлар үчүн 1 млн сомго чейин, ал эми айыл жергесиндеги үйлөр үчүн 500 миң сомго чейин жетет.

"Эгерде адам камсыздандырууну кечээ төлөп, бүгүн табигый кырсык же өрт чыкса, биз камсыздандыруу окуясы боюнча компенсация төлөй алабыз. Биз үчүн камсыздандыруу төлөнгөндөн бери канча убакыт өткөнүнүн айырмасы жок", - деп түшүндүрдү Элдияр Калдарбеков.