Жалал-Абадда 7 мектеп жана 2 спорт зал пайдаланууга берилди

Аймак
Жалал-Абадда 7 мектеп жана 2 спорт зал пайдаланууга берилди
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунда 7 мектеп жана 2 спорт зал пайдаланууга берилди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • Р. Азимов көчөсүндө жайгашкан №13 мектептин 500 орундуу жаңы имараты;
  • Чолок-Терек айылындагы №29 мектептин 375 орундуу жаңы имараты;
  • Ж. Турусбеков атындагы №16 мектептин 225 орундуу жаңы корпусу;
  • Катар-Жаңгак айылындагы 225 орундуу Ж. Канашев атындагы №32 мектеп;
  • Г. Бакиева атындагы 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты;
  • Б. Акамбаев атындагы башталгыч билим берүү мектебинин 100 орундуу жаңы корпусу;
  • Кара-Булак айылындагы Токтоболот атындагы №37 орто мектептин спорт залы;
  • Орто-Азия айылындагы А. Базаров атындагы мектептин спорт залы;
  • Таштак айылындагы О. Муратов атындагы мектептин спорт залы;

Мындан тышкары, 7 өндүрүштүк объект ачылды.