Окуучулар жана студенттер үчүн “Партадан башталган стартап” сынагы жарыяланды

Коом 9 октябрь 2026 15:50
Окуучулар жана студенттер үчүн “Партадан башталган стартап” сынагы жарыяланды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 15 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар жана студенттер арасында “Партадан башталган стартап” сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын 15 жаштан 18 жашка чейинки студенттери катыша алышат. Ага карата өтүнмөлөр 2026-жылдын 2-ноябрына чейин кабыл алынат.

Катышуучулар социалдык, экономикалык, экологиялык же технологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган инновациялык бизнес-идеяларын же стартап-долбоорлорун сунушташы керек.

Сынактын алкагында катышуучулар өз идеяларын эксперттерге тааныштырып, ишкердик жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мыкты долбоорлорго мындан ары ишке ашырууга колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.