Кыргызстандагы кышкы эс алуу: Кайда барып, эмнени көрүүгө болот?

Туризм
Кыргызстандагы кышкы эс алуу: Кайда барып, эмнени көрүүгө болот?
copyright icon www
Кабар редакциясы

Жакында кыш мезгили башталат. Демек, кышкы эс алуу күндөрү да жакындап калды. Бул учурда күнүмдүк түйшүктөн бир аз эс алып, саякатка чыгууга болот. Кыргызстанда кышында эс алууга ылайыктуу жерлер көп. Лыжа тебүү үчүн тоо базаларына барууга, кар баскан тоолорду жана Ысык-Көлдүн кышкы кооздугун көрүүгө болот. Ошондой эле жергиликтүү элдин маданияты менен таанышып, улуттук тамактардан даам татууга мүмкүнчүлүк бар. Өлкөдө кышкы туризм да өнүгүп, жаңы эс алуу жайлары ачылып, туристтер үчүн шарттар кеңейүүдө. “Кабар” агенттиги кышында кайсы жерлерге барууга болорун, туристтерге кандай мүмкүнчүлүктөр сунушталарын жана бул тармакты өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын баяндайт.

Кышкы туризм сандар менен

Улуттук статистика комитетинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Кыргызстанда туризм тармагынын өнүгүшүндө оң динамика байкалууда. Комитет өлкө аймактарындагы туристтик ишканалардын жана эс алуу жайларынын кызматынан пайдаланган адамдардын саны, ошондой эле акыркы үч жылдагы кышкы туризмдин көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды берди.

Кыргызстандагы лыжа базалары

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, учурда Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы катталган. Алардын көпчүлүгү Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Агенттиктин маалыматына караганда, тоо лыжа базаларынын көбүнө Бишкектен алыска барбай эле жетүүгө болот. Алардын эң белгилүүлөрү — “Норус” (бийиктиги 1950 метр, Бишкектен 30 чакырым алыстыкта), “Орловка” (100 чакырым), “ЗиЛ” (35 чакырым), “Чуңкурчак” (30 чакырым), “Кашка-Суу” (бийиктиги 2000 метр, борбордон 35 чакырым) жана Оруу-Сай туристтик борбору (бийиктиги 2100 метр, Бишкектен 35 чакырым алыстыкта).

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн айланасында да кышкы эс алууга ылайыктуу тоо лыжа базалары бар. Алардын ичинен эң белгилүүсү — Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы.

Кышкы туризмдин жаңы багыты: “Ала-Тоо Резорт” долбоору

Кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү эң ири долбоорлордун бири — Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштей турган тоо туристтик кластери.

“Долбоордун алкагында Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын бириктирген эл аралык деңгээлдеги ири тоо лыжа жана экотуризм борбору түзүлөт. Үч аймактагы лыжа тебүүчү трассалардын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымды түзөт”, — деп билдиришти мамлекеттик агенттиктен.

Долбоордун биринчи баскычын 2026-жылдын декабрь айынын башында ачуу пландалууда. Анын алкагында 47 чакырымдан ашык лыжа тебүүчү трасса пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, эс алуу жайларына баруучу жолдорду жакшыртуу иштери да жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Каракол шаарынан “Ала-Тоо Резорт” курортуна чейин экиден төрт тилкеге чейинки жаңы жол курууда.

“Ала-Тоо Резортто” туристтердин коопсуздугуна да көңүл бурулууда. Учурда кар көчкү коркунучун жана аба ырайын көзөмөлдөө үчүн атайын станция курулуп жатат. Ага эки автоматтык метеостанция орнотулуп, кар көчкү коркунучун алдын ала байкоого шарт түзүлөт”, — деп билдиришти мамлекеттик агенттиктен.

Чүй облусунда жыл бою иштей турган Baytik Mountain Resort курорту курулат

Чүй облусунда да жыл бою иштей турган "Baytik Mountain Resort" тоо туристтик курортунун долбоору ишке ашырылууда. Аны куруу боюнча 2026-жылдын август айында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлган.

Долбоордо лыжа тебүүчү трассаларды, асма жолдорду, жасалма кар жаадыруучу системаларды куруу каралган. Ошондой эле мейманканалар, ресторандар, SPA-борборлор, үй-бүлөлүк эс алуу жайлары жана спорттук аянтчалар курулат. Мындан тышкары, жол, инженердик жана санариптик инфраструктура өнүктүрүлөт.

Аймактарда кышкы эс алуу үчүн кандай шарттар түзүлөт?

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик кышкы туристтик сезонго карата аймактарда бир катар иштерди жүргүзүүнү пландап жатат.

Алардын негизгилеринин бири — туристтик жайларды кышкы сезонго даярдоо. Бул үчүн тоо лыжа базаларынын, мейманканалардын, тамактануучу жайлардын, лыжа жана башка шаймандарды ижарага берүүчү пункттардын, унаа токтотуучу жайлардын жана башка туристтик объектилердин даярдыгы текшерилет.

Кышкы туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоо жана үзгүлтүксүз каттамды камсыз кылуу. Кышында эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз уюштуруу үчүн тоо лыжа базаларына жана башка туристтик жайларга баруучу жолдордун абалы жакшы болушу керек.

“Айрыкча дем алыш, майрам күндөрү жана жаңы жылдык каникул учурунда туристтер көбөйөт. Мындай учурда жолдордо унаа тыгындарынын, узун кезектердин пайда болушуна жана туристтик жайларга жетүүдө чектөөлөрдүн жаралышына жол бербөө зарыл”, — деп белгилешти мамлекеттик агенттиктен.

Жолдордо жана туристтер көп барган жерлерде санитардык шарттарды түзүү. Туристтер көп каттаган негизги жолдорго жана эс алуу жайларына жетиштүү санда коомдук дааратканаларды орнотуу пландалууда. Өзгөчө унаа көп жүргөн жолдорго жана азырынча туруктуу санитардык жайлары жок аймактарга көңүл бурулат.

Туристтердин коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү. Кышкы эс алуу жайларында жана ага жакын аймактарда өрт, коомдук тартип, санитардык абал жана кар көчкү коркунучу боюнча коопсуздук чараларын күчөтүү пландалууда.

“Кышкы туристтик жайларда жана ага жакын аймактарда өрт коопсуздугун, коомдук тартипти, санитардык абалды жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө, ошондой эле башка коопсуздук чараларын камсыздоо каралган”, — деп билдирди агенттик.

Кышкы туризмди жайылтуу боюнча маалыматтык иштерди күчөтүү. Кышкы туристтик сезон башталганга чейин жана анын жүрүшүндө Кыргызстанды кышкы эс алуу үчүн жагымдуу өлкө катары таанытуу максатында маалыматтык өнөктүк жүргүзүлөт.

Туристтердин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү. Анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу пландалууда.

“Казакстандан келген туристтердин жана бул өлкөнүн аймагы аркылуу транзит менен өткөн саякатчылардын саны көп экенин эске алып, кышкы туристтик сезондо чек ара өткөрүү пункттарынын ишин мыйзамда белгиленген тартипте мүмкүн болушунча жакшы уюштуруу пландалууда”, — деди агенттик.

Ысык-Көлдөн кышында эмнелерди көрүүгө болот?

Туроператор Сергей Глуховеров “Кабар” агенттигине Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, туристтер көп тандаган багыттар, Ысык-Көлдө кышында эс алуу жолдору жана чет элдик саякатчылардын өлкөгө болгон кызыгуусу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кышында туристтер көп барган аймактардын бири — Ысык-Көл. Буга көлдүн түндүк жана түштүк жээктеринде кооз жерлердин көптүгү жана жолдордун жакшыртылышы себеп.

“Көбүнчө туристтер Ысык-Көлдү айланып саякатташат. Анткени жолдору кенен жана жүрүүгө ыңгайлуу. Ал эми түштүккө баруу кооптуу болушу мүмкүн. Төө-Ашууну байма-бай кар басып, унаалар тыгында калып, адамдар узак убакытка чейин жолдо кармалып калышы мүмкүн. Ысык-Көлдүн айланасында кар анчейин көп жаабагандыктан, жол жүрүү жеңилирээк”, — деди ал.

Глуховеровдун айтымында, кышында туристтер жаратылыш койнунда сейилдеп, бүркүт салган мүнүшкөрлөр жана тайган баккандар менен жолугуша алышат. Ошондой эле көрүнүшү кооз бийик жерлерге чыгып, кызыл жана жашыл аскаларды көрүп, Каракол шаарына бара алышат.

“Кыргыздын улуттук жана дунган ашканасынын тамактарынан даам татып, ашлянфу жеп, жергиликтүү тургундар менен баарлашууга болот. Ошондой эле Ысык-Көлдүн адам аз барган, таза жээгин көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал жактын куму да, суусу да абдан кооз”, — деди туроператор.

Ал кышында көлдүн жаратылышы жай мезгилинен өзгөчө айырмаланарын белгиледи. Ошондуктан суук мезгилде да Ысык-Көлдү айланып саякаттоону каалагандар аз эмес.

Эмне үчүн Кыргызстан кышында чет элдик туристтерди кызыктыра алат?

Кыргызстанда кышкы туризмдин өнүгүшүнө баа берген эксперт акыркы жылдары туроператорлор, гиддер жана айдоочулар бул багытты жайылтууга көбүрөөк көңүл бура баштаганын белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин интернеттен Кыргызстанга саякаттоо тууралуу маалымат издеген чет элдиктер көбүнчө жайкы эс алуунун сүрөттөрүн көрүшчү. Анда жайлоолор, жайыттар жана Ысык-Көлдө түшкөн сүрөттөр басымдуулук кылган. Ошондуктан чет элдик туристтер өлкөнүн кышкы жаратылышы да өзгөчө кооз экенин биле беришчү эмес.

Анын айтымында, туристтик компаниялар менен блогерлер Кыргызстанда кыш мезгилинде да жаратылыш өзгөчө кооз болорун көбүрөк көрсөтүп, айтып турушса, өлкөгө келген туристтердин саны артууга өбөлгө түзөт. Кышында жаратылыштын башкача көрүнүшүн көрүп, даамдуу тамактардан ооз тийип, мейманканаларга жайгашып, фольклордук көрсөтүүлөрдү, бүркүт салуу өнөрүн жана аңчылыкты көрүүгө болот.

Туроператордун пикиринде, Кыргызстандагы кышкы эс алуу өзгөчө жылуу өлкөлөрдүн тургундары үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Анткени ал жактарда кар сейрек жаайт же такыр жаабайт.

“Жылуу өлкөлөрдө жашап, өмүрүндө кар көрбөгөн туристтер бар. Алар үчүн аппак карды кармап көрүү, кар атышып ойноо жана кар баскан тоолордо сейилдөө абдан кызыктуу. Бирок алардын көбү Кыргызстанда кыш ушунчалык кооз болорун биле беришпейт”, — деди туроператор.

Кыргызстанда кыш мезгили суук түшкөн убакыт гана эмес, өлкөнү башка өңүттөн таанып-билүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Кар баскан тоолор, лыжа базалары, кышкы Ысык-Көлдүн кооз көрүнүшү, жергиликтүү элдин маданияты жана улуттук ашканасы туристтер үчүн кызыктуу саякатка айлана алат.

Жаңы туристтик долбоорлорду ишке ашыруу, инфраструктураны жакшыртуу жана кышкы эс алуу жайларын кеңири таанытуу менен туристтик сезонду узартууга болот. Бул эс алууну жеткиликтүү кылып, өлкөнүн аймактарына жыл бою жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.