Туризмдеги жаңы деңгээл: “Ала-Тоо Резорттун” өзгөчөлүгү эмнеде?

Туризм
Туризмдеги жаңы деңгээл: “Ала-Тоо Резорттун” өзгөчөлүгү эмнеде?
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан "Ала-Тоо Резорт" тоо-туристтик кластери үч тоолуу аймакты бириктирип, Кыргызстанда жыл бою иштеген ири туристтик борбор түзүүгө багытталган. Долбоор толук ишке ашса, Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарындагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымга жетип, өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жылына миллионго жакын турист келип турат деп мерчемделүүдө.

Долбоордун алгачкы этабы

"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, Жыргалаң курортунун биринчи этабын 2026-жылдын декабрь айынын башында ачуу пландалууда. Ага карата алты заманбап асма жол жана жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн лыжа трассалары даяр болот. Ошондой эле лыжа жабдууларын ижарага берүү жана сатуу жайлары, лыжа трассаларына жана асма жолдорго пайдалануу билеттерин сатуу пункттары, унаа токтотуучу жайлар жана этношаарча туристтерди кабыл алууга даярдалат.

Курорттун үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл болгон негизги инфраструктураны куруу да каралган. Анын ичинде суу жана электр энергиясы менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системалары, ички жолдор жана туристтерге кызмат көрсөтүүчү башка объектилер бар.

Мындан тышкары, улуттук өзгөчөлүктөрдү заманбап эс алуу шарттары менен айкалыштырган этношаарча түзүлөт. Анда 240 орундуу боз үй, 23 жыгач коттедж жана модулдук үйлөр жайгашат.

50 инвестициялык лоттун 39у сатылды

Долбоордун алкагында жеке инвестицияларды тартуу иштери да уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгында сунушталган 50 инвестициялык лоттун 39у сатылган. Бул тилкелерде мейманканаларды, апартаменттерди, коттедждерди жана туристтерди тейлөөчү башка объектилерди куруу пландалууда.

Инвестициялык долбоорлордун арасында жалпы аянты 53 113 чарчы метрди түзгөн алты кабаттуу беш жылдыздуу мейманкана да бар. Жаңы объектилердин курулушу курорттун туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эс алуу кызматтарынын түрлөрүн көбөйтүүгө багытталган.

Долбоордун маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — мамлекет негизги инфраструктураны камсыздап, жеке инвесторлорго туристтик объектилерди курууга шарт түзүп жатканы. Мындай ыкма мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун күчөтүп, туризм тармагына кошумча каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Кышкы туризмдин жаңы багыты

“Ала-Тоо Резорт” долбоорунун өзгөчөлүгү — Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын бириктирип, кышкы жана жайкы туризмди айкалыштырган ири кластер түзүүгө багытталганында. Долбоор толук ишке ашса, туристтер үчүн эс алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.

Дүйнөдө тоо туризмин өнүктүрүүнүн ар кандай үлгүлөрү бар. Маселен, Франциядагы Ле-Труа-Валле (Les Trois Vallées) бир нече лыжа аймагын бирдиктүү система аркылуу бириктирет. Ал эми Сауд Арабиясында курулуп жаткан Трожена (Trojena) долбоору тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны айкалыштырган борбор түзүүнү көздөйт.

“Ала-Тоо Резорт” Кыргызстандын табигый мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кышкы туризмди өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартууга жана туризм тармагынан түшкөн кирешени көбөйтүүгө багытталган.

“Ала-Тоо Резорт” кышкы туризмди жаңы деңгээлге чыгарат

Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын президенти, туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкуловдун айтымында, бул долбоор өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Анын белгилешинче, Кыргызстанда лыжа тебүүгө жана кышкы эс алууга ылайыктуу табигый шарттар жетиштүү.

“Ала-Тоо Резорт — бүгүнкү күндө ишке ашып жаткан эң ири долбоорлордун бири. Дүйнөдө кышкы туризм менен алектенген тоолуу өлкөлөр көп. Бирок алардын көбүндө климаттын жылышына байланыштуу абал начарлап бара жатат. Ал эми Кыргызстанда лыжа тебүү жана кышкы эс алуу үчүн табигый шарттар жакшы. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу заман талабына шайкеш келет деп ойлойм”, — деди эксперт.

Анын айтымында, долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн мамлекет менен жеке сектордун кызматташуусу маанилүү. Мамлекет жол, электр энергиясы, таза суу жана асма жол сыяктуу негизги инфраструктураны камсыздаса, ишкерлер мейманканаларды, тамактануучу жайларды жана туристтерге кызмат көрсөтүүчү башка объектилерди курууга инвестиция салышат.

“Биз көп жылдан бери мындай долбоорлорду ишке ашырууда мамлекет менен жеке ишкерлердин күчүн бириктирүү зарылдыгын айтып келгенбиз. Негизги инфраструктуралык маселелерди мамлекет чечип, ал эми мейманкана жана тамактануучу жайларды жеке ишкерлер куруп, иштетиши керек. “Ала-Тоо Резорт” долбоору дал ушул принцип менен ишке ашып жатат. Учурда жолдор салынып, асма жолдор курулуп, электр энергиясы жана таза суу менен камсыздоо маселелери чечилүүдө. Ошондой эле инвесторлорго жер тилкелери берилип, алар мейманкана жана тамактануучу жайларды куруп жатышат”, — деди Азамат Жаманкулов.

Эксперт белгилегендей, долбоор толук ишке кирсе, жылына миллиондон ашык туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн. Бул үчүн алгач коңшу мамлекеттерден келген туристтерди тартууга басым жасоо зарыл.

“Инфраструктура өнүккөн сайын миллиондон ашык туристти кабыл алуу реалдуу мүмкүнчүлүккө айланышы мүмкүн. Жакынкы коңшу мамлекеттерден эле көп сандагы туристтерди тартууга шарт бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Россиядан келген туристтерди кабыл алуу үчүн Кыргызстан бардык зарыл шарттарды түзүшү керек”, — деп белгиледи ал.

Азамат Жаманкулов долбоордун ишке ашуусу менен кышкы туризм Кыргызстандын экономикасына жана бюджетине салым кошкон маанилүү тармактардын бирине айланышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Анын пикиринде, бул тажрыйба келечекте өлкөнүн башка тоолуу аймактарында да туристтик долбоорлорду өнүктүрүүгө жол ачат.