Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Туризм
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Алдыга
Артка
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
Алдыга
Артка
copyright icon www
Кабар редакциясы

Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү пляждагы эс алуу менен гана чектелбейт. Аймактын кооз жаратылышы, тоо маршруттары, курорттук-ден соолукту чыңдоочу жайлары, тарыхый эстеликтери жана көчмөн элдин маданияты туризмдин ар түрдүү багыттарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн бири — бул азырынча туристтик маршруттарга жетиштүү деңгээлде киргизиле элек археологиялык мурастар. Бул багытты өнүктүрүү үчүн тарыхый эстеликтерди көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, аларды сактоо жана коргоо иштерине да өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, Ысык-Көл облусу пляждык, экологиялык, тоо, этнографиялык, ден соолукту чыңдоочу жана активдүү туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Ошол эле учурда туристтердин эс алуунун түрүн тандоосу да ар түрдүү. Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген эс алуучулар көбүнчө пляждык жана үй-бүлөлүк эс алууну тандашат. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер тоо аралап сейилдөөгө, ат менен саякаттоого, боз үй шаарчаларында жашоого, өлкөнүн жаратылышы жана маданий мурастары менен таанышууга кызыгышат.

Туристтердин агымы жана инфраструктуранын өнүгүшү

Ысык-Көл облусуна туристтердин кызыгуусунун өсүшү статистикалык көрсөткүчтөрдөн да байкалат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аймактагы туристтик ишканалардын, уюмдардын жана эс алуу жайларынын кызматынан пайдаланган адамдардын саны 2022-жылы 1,22 миллион болсо, 2025-жылы 2,63 миллионго жеткен.

Муну менен катар, туристтерди жайгаштыруу инфраструктурасы да кеңейүүдө. Алсак, 2020-жылы облуста 308 мейманкана жана башка жайгаштыруу жайлары болсо, 2025-жылы алардын саны 390го жеткен.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунда 448 мейманкана жана мындай жайгаштыруу жайлары, 1013 туристтик агенттик жана туроператор, ошондой эле 35 санаторий-курорттук мекеме катталган.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү бул тармактагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

Анын алкагында коомдук пляждарды жана эс алуу жайларын жаңылоо, аймактарды көрктөндүрүү, санитардык-гигиеналык жайларды жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, маалыматтык белгилерди орнотуу каралган.

Мындан тышкары, инженердик инфраструктураны жакшыртууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Атап айтканда, таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана электр энергиясы менен камсыздоо системаларын жакшыртуу, тазалоочу курулмаларды куруу жана жаңылоо иштери пландалууда.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Мындан тышкары, Каракол шаарында жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтерди тейлей турган туристтик хаб түзүү пландалууда. Анда санитардык-гигиеналык жайлар, кафе, эс алуу зоналары жана маалымат берүү пункттары жайгаштырылат.

Дагы бир багыт — туристтик кызматтардын сапатын жогорулатуу. Бул үчүн адистерди даярдоо жана кайра окутуу, тейлөө стандарттарын жакшыртуу, санариптик технологияларды жана чет тилдерди колдонууну кеңейтүү каралган.

Аймактын экологиялык туруктуулугун сактоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта таштандыларды чогултуу жана чыгаруу системасын жакшыртуу, тазалоочу курулмаларды жаңылоо, суунун сапатына жана жээк аймактарынын абалына мониторинг жүргүзүү пландалган.

Ысык-Көлдөгү туризмдин үч негизги багыты

Жибек жолу туризм ассоциациясынын төрагасы Владимир Комиссаровдун пикиринде, Ысык-Көл аймагындагы туристтик мүмкүнчүлүктөрдү шарттуу түрдө үч багытка бөлүүгө болот. Алар — эс алуу, активдүү туризм жана маданий мурастарга байланышкан туризм экендигин ал "Кабар" агенттигине билдирди.

Биринчи багыт түздөн-түз көлгө жана анын жаратылыш шарттарына байланыштуу. Ага пляжда эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана курорттук аймактардын эс алуу мүмкүнчүлүктөрү кирет.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
"Бул — Ысык-Көлдүн өзүндө, көл жээгинде эс алуу. Биз муну рекреациялык, башкача айтканда, ден соолукту чыңдоого жана күч-кубатты калыбына келтирүүгө багытталган туризм деп атайбыз", — деп түшүндүрдү эксперт.

Ошол эле учурда ал белгилегендей, жээк аймагына түшкөн жүктөмдүн жогорулашынан улам туризмдин бул түрүн мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгү акырындап чектелүүдө.

"Рекреациялык туризм өзүнүн көлөмдүк чегине жетти. Анын мындан аркы өнүгүшүнө көл жээгиндеги туристтердин көптүгү, тазалоочу курулмаларга байланышкан маселелер, экологиялык көйгөйлөр жана башка факторлор тоскоол болууда. Бул багыттын өсүү мүмкүнчүлүгү өтө эле чектелүү. Аны мындан ары өнүктүрүү экологиялык инфраструктурага олуттуу инвестиция салуу менен гана мүмкүн", — деп белгиледи Комиссаров.

Экинчи багыт — активдүү туризм. Ага жөө жана атчан жүрүштөр, тоо маршруттары жана тоолуу аймактарга саякаттоо кирет.

Үчүнчү багытты эксперт маданий жана жеңил активдүү туризм деп мүнөздөйт. Ал туристтерге кыргыз элинин салттуу жашоо образы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Тактап айтканда, туристтерге боз үйлөрдө жашоо, улуттук каада-салттар менен таанышуу, бүркүтчүлөрдүн өнөрүн көрүү, ат оюндарына күбө болуу жана көчмөн маданиятынын башка элементтери сунушталат.

"Бул туризм түрлөрү бири-бирин толуктап турат. Адамдар көл жээгинде эс алуу үчүн да, жаратылыш менен жакындан таанышып, көчмөн элдин маданиятын үйрөнүү үчүн да келе алышат. Бул багыт абдан популярдуу", — деди Владимир Комиссаров.
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Көчмөн элдин маданияты — туризмдеги артыкчылык

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүндө көчмөн элдин маданий мурасы өзгөчө орунду ээлейт. Комиссаровдун айтымында, бул мурас өлкөнүн эл аралык туристтик рыноктогу атаандаштык артыкчылыктарынын бири боло алат.

Эксперттин пикиринде, Кыргызстандагы Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасы өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ээ. Самарканд жана Бухара шаарлары архитектуралык эстеликтери жана байыркы шаар комплекстери менен белгилүү болсо, Кыргызстан саякатчыларга биринчи кезекте көчмөндөрдүн салттуу маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштай алат.

"Бизде Самарканд же Бухарадагыдай тарыхый мурас жок. Бирок Кыргызстан үчүн Улуу Жибек жолунун мурастарынын бири — көчмөн элдин маданияты", — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, чет элдик туристтерди кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушу, улуттук спорт оюндары, бүркүт салуу өнөрү, ат оюндары жана боз үй шаарчаларында жашоо мүмкүнчүлүгү кызыктырат.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Эксперт Кыргызстандын салттуу маданиятын чет өлкөлөрдө таанытууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ордун да өзгөчө белгиледи.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдин маданиятына жана жашоо образына негизделген. Оюндар эл аралык коомчулукка тааныштырылгандан кийин кыргыз элинин маданий мурасын дүйнөгө көрсөтүүгө жол ачты. Бул багытта Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү абдан чоң", — деп баса белгиледи Комиссаров.
Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Эл аралык туристтик басылмалардагы Ысык-Көл

Аймактын тарыхый мурасына болгон эл аралык коомчулуктун кызыгуусу чет өлкөлүк басылмаларда да чагылдырылууда. Маселен, британиялык The Guardian гезити Travel бөлүмүндө “Exploring the Silk Roads: 10 stunning sites in 10 countries from Turkey to China” аттуу тизмесине Ысык-Көлдү киргизген.

Анда Түркиядан Кытайга чейинки 10 өлкөдөгү Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан өзгөчө кооз жана тарыхый жайлар камтылган. Тизмеде Ысык-Көл тогузунчу орунду ээлеген.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Бул материал өлкөлөрдүн рейтингин эмес, тарыхый жана маданий жайларды редакциялык тандоонун негизинде түзүлгөн. Көлдүн аталган тизмеге киргизилиши эл аралык туристтик басылмалардын аймактын тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүнө кызыгуусун көрсөтөт.

Археологиялык мурас: суу алдындагы шаарлар жана байыркы конуштар

Ысык-Көлдөгү маданий туризмдин багыттарынын бири катары аймактын археологиялык мурастары менен тааныштырууну өнүктүрүүгө болот. Бул жерде аймактын байыртадан бери эл жашаганын жана өткөн доордогу соода байланыштарын тастыктаган байыркы шаар калдыктары, конуштар, көрүстөн-дөбөлөр, кербен сарайлар жана башка тарыхый эстеликтер сакталган.

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун археологу, илимий кызматкери Валерий Кольченко "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл аймагындагы байыркы эстеликтер өлкөдө алгачкылардан болуп изилдене баштаган.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары
"Алгачкы орус саякатчылары бул аймактардан өткөндө көргөндөрүнүн баарын каттап, күндөлүктөрүнө жазып, айрымдарын сүрөткө да тартышкан", — деп айтып берди ал.

Изилдөөлөр совет мезгилинде да уланган. Бирок окумуштуунун айтымында, алардын көбү жетиштүү деңгээлде документтештирилбей, илимий басылмаларда жарыяланган эмес.

Мисал катары ал археолог Дмитрий Винниктин Кажы-Сай аймагындагы чакан конуштарды изилдеген эмгектерин атады. Айрым объектилер боюнча бир-эки гана сүрөт сакталып калган.

Кольченко салыштырмалуу жакшы сакталган тарыхый эстеликтердин бири катары Балыкчы шаарына жакын, Кочкорго кеткен жолдогу Сары-Булуң шаар калдыктарын атады. Учурда анын аймагы жарым-жартылай музейлештирилип, тосмолор орнотулуп, маалымат такталары коюлган.

Археологдун пикиринде, бул жайды туристтик маршруттарга киргизүү зарыл.

Ошондой эле буга чейин Сары-Булуңду аймактык маанидеги музейге айландыруу концепциясы иштелип чыккан. Бирок долбоордун мындан аркысын тактоо зарыл.

Ошол эле учурда археологиялык эстеликтердин баарын сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Кольченко Тору-Айгыр аймагындагы бир тарыхый жай тууралуу айтып берди. Археолог Дмитрий Винник алгач бул объектини кыш заводу деп болжолдогон. Бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыгында анын орто кылымдарга таандык мончо экени аныкталган.

"Аны толугу менен бузуп, бышкан кыштарын алып кетишкен. Азыр ал жерде чоң чуңкур гана калды. Анын жээктеринде ар кандай сыныктар, анын ичинде жашыл түстөгү жалтыратылган кыштардын бөлүктөрү жатат", — деп белгиледи археолог.

Ысык-Көлдүн суу алдындагы байыркы эстеликтери да өзгөчө кызыгууну жаратат. 2022–2023-жылдары Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту Россия илимдер академиясынын Археология институту менен көлдөгү изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча келишимдерди түзгөн.

2024-жылдан тартып россиялык мекеме изилдөөлөргө каржылык колдоо көрсөтүп, жабдуулар менен камсыздап жана адистерди тартуу аркылуу көмөктөшүп келет.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Кольченконун айтымында, учурда изилдөөлөр Тору-Айгыр аймагындагы суу алдындагы объектилерди изилдөөгө багытталган. Алар жээктен 300 метрден 900 метрге чейинки аралыкта, ал эми көлдүн түбүнөн 1,5 метрден 4 метрге чейинки тереңдикте жайгашкан.

Изилденип жаткан комплекс орто кылымдарда шаар макамына ээ болгон ири конушту камтыйт. Анын курамына негизги конуш, бир нече көрүстөн жайгашкан аймак жана жээкке жакын чакан объектилер, анын ичинде кербен сарайлар болушу мүмкүн делген жайлар кирет.

Археологдун пикиринде, суу алдындагы эстеликтер туризмдин жаңы багыты — археологиялык туризмди өнүктүрүүгө негиз боло алат. Бирок азырынча алар туристтердин келүүсүнө ылайыкташтырылган эмес.

"Тору-Айгырдагы суу алдындагы объект азырынча туристтик ишмердүүлүккө ылайыкташтырылган эмес. Ысык-Көлдүн аймагындагы башка байыркы эстеликтер боюнча абал да ушундай. Археологиялык туризм келечеги бар багыт. Мында адамдар жөн гана эстеликти көрүп кетпестен, белгилүү бир изилдөө иштерине да катыша алышат. Бирок мындай иштер археологдордун көзөмөлү астында гана жүргүзүлүшү керек", — деп түшүндүрдү Кольченко.

Ал тарыхый-маданий туризм менен археологиялык туризмди айырмалоо зарылдыгын белгиледи. Биринчисинде саякатчылар тарыхый эстеликтерди көрүп, алардын тарыхы менен таанышуу үчүн келишет. Ал эми экинчиси археологиялык казуу жана изилдөө иштерине түздөн-түз катышуудан турат.

Анын пикиринде, суу алдындагы туризмди археологдордун коштоосусуз өнүктүрүүгө болбойт. Анткени туристтер объектилерди көрүү менен гана чектелбестен, көлдүн түбүнөн табылгаларды өз алдынча алып чыгууга аракет кылышы мүмкүн.

Кургактыкта жайгашкан тарыхый эстеликтердин ичинен археолог туристтер үчүн Күрмөнтү, Хан-Дөбө, Шахристан жана Сары-Булуң шаар калдыктарын, ошондой эле аймактагы башка тарыхый жайларды кызыктуу деп эсептейт.

Ошондой эле ал туристтердин агымы көбөйгөн шартта тарыхый эстеликтерди сактоо зарылдыгын белгиледи.

"Туризмди өнүктүрүү жакшы, бирок мында тарыхый-маданий мурастарга кирген объектилердин канча адамды кабыл алууга жөндөмдүү экенин эске алуу керек. Бул, албетте, алдын ала эсептелип, изилденип, талданышы зарыл. Жалпысынан археологиялык эстеликтерди музейлерге жана туристтик объектилерге айландыруу — абдан маанилүү жана туура багыт", — деп белгиледи Кольченко.

Улуу Жибек жолунун тарыхый маршруттары

Ысык-Көл облусунун тарыхый-маданий мурастары таанып-билүү багытындагы өзүнчө туристтик маршруттарды түзүүгө негиз боло алат. Улуу Жибек жолунун тарыхы менен байланышкан объектилердин ичинен эксперт Бурана мунарасын, байыркы шаар калдыктарын жана Таш-Рабат кербен сарайын атады.

Кольченконун айтымында, аймакта ири падышалык көрүстөн дөбөлөр да сакталып калган. Алардын айрымдары Ысык-Көл ойдуңунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, унаа жолдоруна жакын жайгашкандыктан, туристтик маршруттарга киргизилиши мүмкүн.

Археолог Жаркынбаев жана Күрмөнтү шаар калдыктарына баруучу маршруттарды өнүктүрүүнү да келечектүү деп эсептейт. Анын айтымында, Күрмөнтү көлөмү жана жакшы сакталган бийик дубалдары менен айырмаланат. Бирок туристтердин келиши үчүн объектке баруучу жолдорду жакшыртуу зарыл.

Ошондой эле Кытайдан чыккан саякатчы жана буддист зыяратчы Сюаньцзандын Ысык-Көлдө болгон тарыхы да өзгөчө кызыгууну жаратат. Ал 629–630-жылдары Кашкардан Чүй өрөөнүнө карай сапарында ушул аймак аркылуу өткөн. Мындай тарыхый маалыматтар туристтик маршруттарды байытып, аймактын байыркы соода жана маданий байланыштардагы орду тууралуу кеңири маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Туризмди жыл бою өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдөгү келечектүү багыттардын бири — туристтик сезонду жай айларынан тышкары мезгилдерге да кеңейтүү.

Салттуу түрдө пляждык эс алуу жылдын жылуу мезгилине туура келсе, тоо маршруттары, экологиялык саякаттар, маданий программалар жана кышкы спорт түрлөрү башка мезгилдерде да туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Бул багытта тоо лыжа инфраструктурасын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Владимир Комиссаровдун айтымында, тоолуу аймактардагы ири долбоорлор кышкы туризм менен катар жайкы активдүү туризмди өнүктүрүүгө да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

"Бул эки багыт маданий-активдүү жана активдүү туризм чоң потенциалга ээ. Бирок азырынча бул мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай келет", — деп эсептейт ал.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте да жаратылыш кооздуктарын, тарыхый эстеликтерди, этнографиялык объектилерди жана зыярат кылуучу жайларды бириктирген комплекстүү туристтик маршруттарды кеңейтүү зарылдыгы белгиленүүдө.

"Ала-Тоо Резорт": тоо туризмин өнүктүрүүнүн жаңы баскычы

Ысык-Көл облусунда туризмди жыл бою өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун бири — "Ала-Тоо Резорт" тоо кластери. Ал Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аттуу үч курорттук аймакты бириктирет.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

"Жыргалаң Резорт" курортунун биринчи этабын 2026-жылдын декабрь айында ачуу пландалууда. Ага чейин алты асма жолду жана 47 чакырым узундуктагы тоо лыжа трассаларын даярдоо каралганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Долбоор толук ишке ашырылганда үч аймактагы тоо лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымды түзөт. Алгачкы этапта негизги көңүл Жыргалаң аймагын өнүктүрүүгө бурулган. Келечекте бул аймактагы трассалардын узундугу 120 чакырымга чейин жетиши мүмкүн.

Миллиондогон туристтерди тарткан Ысык-Көл: Туризмдин жаңы багыттары

Тоо лыжа инфраструктурасын өнүктүрүүдөн тышкары, долбоор жол тармагын, электр жана суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо системаларын жакшыртууну, ошондой эле туристтерди тейлөөчү объектилерди курууну да камтыйт.

Долбоорду ишке ашыруу кышкы мезгилде туристтерди тартууга, жайында тоодо эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жеке инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Жыйынтыгында, Ысык-Көл облусунун туристтик келечеги салттуу пляждык эс алууну өнүктүрүү менен гана чектелбейт. Тоо, этнографиялык, археологиялык жана активдүү туризм сыяктуу жаңы багыттар туристтик сезонду узартууга жана кызыгуулары ар түрдүү саякатчыларды тартууга өбөлгө түзөт.

Ошол эле учурда тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык коопсуздукту камсыздоо, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана туристтик инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелерин да комплекстүү чечүү маанилүү.