Быйыл кышта кыргызстандыктар кайсы өлкөлөргө барса болот?

Туризм
Быйыл кышта кыргызстандыктар кайсы өлкөлөргө барса болот?
copyright icon WWW
Кабар редакциясы

2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстандын жарандары үчүн Египетке кирүү тартибине жаңы талаптар киргизилди. Ага ылайык, мындан ары туристтерге үй-бүлө мүчөлөрүнүн коштоосунда баруу жана ири өлчөмдөгү накталай акча каражатын алып жүрүү шарттары киргизилди. Ал эми өз алдынча саякаттагандар визага алдын ала документ тапшырып, Египеттин коопсуздук органдарынан уруксат алышы зарыл.

Бул өзгөрүүлөрдөн улам кыргызстандыктар кышында эс алуу үчүн башка багыттарды да караштыра баштады. Египетке альтернатива катары кайсы өлкөлөрдү тандаса болот? Бул тууралуу “Кабар” агенттиги баяндайт.

Египетке барууда кыргызстандыктар үчүн кандай талаптар өзгөрдү?

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Египет тарап киргизген жаңы талаптар 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирди жана кийинки билдирүүгө чейин колдонулат. Өз алдынча саякаттагандар Египеттин Астанадагы элчилиги же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу визага алдын ала документ тапшырып, ошондой эле Египеттин коопсуздук органдарынын алдын ала макулдугун алышы керек.

Ал эми туристтик компаниялар аркылуу саякаттагандар үчүн төмөнкүдөй талаптар белгиленген:

  • 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар жакын туугандарынын бири - атасынын, апасынын, жубайынын же баласынын коштоосунда барууга тийиш.
  • Ар бир адамдын жанында кеминде 3 миң доллар накталай акча болушу керек. Ал эми туугандар менен чогуу саякаттаса, үй-бүлөгө 5 миң доллардан кем эмес каражат талап кылынат.

Мындан тышкары, туристтик компаниялар саякатчылардын телефон номерлерин каттоого, алардын өлкөдө болуу программасын алдын ала даярдоого жана Египетке барганда паспортторун убактылуу сактоого кабыл алууга милдеттүү. Документтер өлкөдөн чыгып кетер алдында ээлерине кайтарылат. Ошондой эле туристтик виза алууда көрсөтүлгөн сапардын максатын өзгөртүүгө тыюу салынат.

Вьетнам: Фукуок, Дананг жана Нячанг

Акыркы өзгөрүүлөрдөн улам кыргызстандыктар тандап жаткан альтернативдүү туристтик багыттардын бири — Вьетнам. Өлкөдөгү ири туристтик компаниялардын биринин директору Талант Узакеев “Кабар” агенттигине билдиргендей, акыркы эки жылда бул өлкөгө болгон кызыгуу кыйла өскөн.

“Акыркы эки жылдан бери туристтерибиз Вьетнамды көбүрөөк тандап жатышат. Бул — жыл бою эс алууга ылайыктуу багыт. Мисалы, жайында Данангга, кышында Фукуок аралына барса болот. Нячанг да жыл бою туристтерди кабыл алат”, — деди ал.

Учурда Бишкектен Вьетнамдын Фукуок аралына жумасына 3 ирет каттам аткарылат. Узакеевдин айтымында, бул багыт мурда Египетте эс алууну пландаган туристтердин бир бөлүгүн өзүнө тартууда.

“Египетке барууну пландаган туристтердин болжол менен 70 пайызы эс алуу багытын Фукуокко өзгөртүүгө даяр. Баасы, ыңгайлуулугу жана аба ырайы жагынан бул багыт бизге жакыныраак”, — деп түшүндүрдү туроператордун өкүлү.

Ошентип, Фукуок кышкы эс алуу маалында деңиз жээгинде эс алууну каалагандар үчүн тандалып жаткан багыттардын бирине айланууда.

Таиланд менен Кытай да кышкы эс алуу үчүн популярдуу багыттардын катарына кирет

Узакеевдин айтымында, кышкы эс алуу үчүн дагы бир популярдуу багыт — Таиланд. Декабрь айынан тарта Бишкектен Пхукет аралына жумасына 2 жолу каттам аткаруу пландалууда.

Ошондой эле жаңы жылдык майрамдардын алдында Кытайдын Хайнань аралына да аба каттамы ачылат.

“Жаңы жылга карата Хайнань багыты пайда болду. 30-декабрдан тарта бул аралга жумасына бир жолу каттам аткарылат”, — деди ал.

Ошентип, быйылкы кышкы туристтик сезондо кыргызстандыктар арасында Вьетнамдын Фукуок, Дананг жана Нячанг курорттору, Таиланддын Паттайя жана Пхукет шаарлары, ошондой эле Кытайдын Хайнань аралы популярдуу багыттар болууда.

Ал эми Египетке саякаттоону алдын ала брондогон туристтерге туроператорлор башка багыттарды сунуштап же каражаттарын кайтарып берүүнү сунуштап жатышат.

“Эгер кардарлар башка багытты тандабаса, биз эки жуманын ичинде акчасын кайтарып берүүгө кепилдик беребиз. Же болбосо турларын башка багытка которуп беребиз”, — деп түшүндүрдү Узакеев.

Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча аба каттамдары токтотулат

Кирүү эрежелеринин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча түз аба каттамдары да токтотулду. “Кыргызстан аэропорттору” ААК 2026–2027-жылдардын кышкы мезгилинде бул багыт боюнча бардык каттамдар токтотуларын билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы учуу 2026-жылдын 5-ноябрында аткарылат.

Билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчаны кайтарып алуу, сапарын башка күнгө жылдыруу же альтернативдүү каттамды тандоо тартибин тактоо үчүн авиакомпанияларга жана туристтик операторлорго кайрылуу сунушталат.

Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча аба каттамдарынын кайра жанданышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Турагенттиктер дагы кайсы багыттарды сунуштайт?

Кыргызстандыктар кышкы эс алуу үчүн Вьетнам, Таиланд жана Хайнань менен гана чектелбейт. Жылуу өлкөлөрдө эс алууну каалагандар үчүн кыргызстандык туристтик агенттиктердин сунуштары көрсөткөндөй, кышкы сезондо Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Мальдив аралдары, Шри-Ланка, Сейшел аралдары жана башка багыттарга да турлар бар.

Ошентип, кыш мезгилинде кыргызстандыктар Түштүк-Чыгыш Азиядагы популярдуу пляждык курортторду, Инд океанындагы аралдарды же Перс булуңундагы өлкөлөрдү тандай алышат.

Тур тандоодо анын учурдагы графигин, бош орундардын бар-жогун, учуу жана өлкөгө кирүү шарттарын туристтик оператордон алдын ала тактап алуу сунушталат.