Каракол шаары Кыргызстандагы маанилүү туристтик борборлордун бири. Шаар саякатчыларды кооз жаратылышы, тоо лыжа тебүү мүмкүнчүлүктөрү жана тарыхый-маданий мурастары менен өзүнө тартат. Акыркы жылдары бул жерде туристтик инфраструктура өнүгүп, конокторду жайгаштыруу жана жылдын ар кайсы мезгилинде эс алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги Каракол шаарынын туристтерди эмнеси менен кызыктырарын, шаарда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын жана туризм тармагынын келечеги кандай экенин баяндайт.
2025-жылы америкалык саякат журналы Condé Nast Traveler Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарын Борбор Азиядагы укмуштуу саякаттардын борбору деп атаган. Басылманын 7-январда жарыяланган “2025-жылы барууга татыктуу 25 мыкты жер” аттуу макаласында Каракол сөзсүз барып көрүүгө сунушталган жайлардын катарына кирген.

Каракол — Кыргызстандын негизги туристтик борборлорунун бири
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин ички туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нургазы Тойчуев “Кабар” агенттигине Каракол шаары Кыргызстандын негизги туристтик борборлорунун бири экенин жана жыл бою туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин билдирди.
Анын айтымында, Каракол шаарынын Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Ысык-Көлгө жана Тескей Ала-Тоонун тоо кыркаларына жакын жайгашканы шаарды аймактагы жаратылышы кооз жана туристтер көп барган жерлерге саякаттоо үчүн ыңгайлуу жайга айлантат.

“Акыркы бир нече жылда Караколдо олуттуу өзгөрүүлөр болду. Шаар акырындап тоолорго саякаттоо үчүн ыңгайлуу болуу менен чектелбестен, жыл бою туристтерди кабыл алган борборго айланып баратат. Мында шаардык чөйрө, кышкы туризм, туристтерди жайгаштыруу, транспорт жана туризмди башкаруу багыттары бирдей өнүгүүдө”, — деп белгиледи Нургазы Тойчуев.
Караколдун туристтик инфраструктурасы кандай өзгөрүүдө?
Нургазы Тойчуев акыркы жылдары Караколдо туристтик инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлгөн негизги иштерге токтолду.
Анын айтымында, 2026-жылдын августуна карата Каракол шаарындагы ички жолдордун 50 пайыздан ашыгы реконструкцияланган. Учурда ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жаңылоо иштери уланууда.
Мындан сырткары, 2026-жылы тарыхый өлкө таануу музейи реконструкциядан кийин кайра ачылып, көрктөндүрүлгөн сейил бак пайдаланууга берилди. Сейил бакты оңдоп-түзөөгө жана көрктөндүрүүгө 450 млн сом бөлүнгөн.

Туристтик жайларга баруу мүмкүнчүлүгү жакшырууда
Нургазы Тойчуевдин айтымында, 2024-жылы “Каракол” тоо лыжа базасына баруучу 7 чакырым жолдун 3,5 чакырымына асфальт төшөлгөн.
Мындан тышкары, Каракол шаарындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — эл аралык аэропортту оңдоп-түзөө болууда. Бул долбоор келечекте туристтер үчүн шаарга жетүүнү кыйла жеңилдетет.

Мейманкана жана ресторандар тармагы өнүгүүдө
Нургазы Тойчуевдин айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүү көлөмү 2020-жылдагы 125,8 млн сомдон 2024-жылы 514,3 млн сомго чейин өсүп, төрт эседен ашкан.
Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу болжол менен 49,9 пайызга көбөйгөн.
Ал белгилегендей, мындай өсүш мейманкана тармагындагы экономикалык активдүүлүктүн кыйла жогорулаганын жана Караколдун Ысык-Көл облусундагы негизги туристтик борборлордун бири катары ролу бекемделип жатканын көрсөтөт.

Каракол жыл бою туристтерди кабыл алган шаарга айланууда
Нургазы Тойчуевдин айтымында, салттуу жайкы жөө жүрүштөр жана жаратылыш туризминен тышкары, кышкы туризм да өнүгүүдө. Ошондой эле маданий, гастрономиялык жана шаардык туризм багыттары кеңейип жатат.

Жылдын ар кайсы мезгилинде туристтерди эмне менен кызыктырат?
Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын президенти, туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине Каракол өзгөчө мүнөзгө жана бай тарыхка ээ шаар экенин билдирди.
Анын айтымында, бул жерде кылымдар бою ар түрдүү элдер коңшу жашап, алардын ашканалары, салт-санаалары жана жашоо образы бири-бири менен жуурулушкан. Бул өзгөчөлүк шаардын архитектурасынан, тамак-ашынан жана жергиликтүү тургундардын меймандостугунан байкалат.
“Ыйык Үч Бирдик” православ чиркөөсү, жүз жылдан ашуун убакыт мурун бир да мык колдонулбай курулган дунган мечити жана эски соодагерлердин үйлөрү — көздүн карегиндей сактоого татыктуу мурастар. Дал ушул жайлар Караколду башка шаарлардан айырмалап, өзгөчө өңүтүн аныктайт. Саякатчыларга шаарды кыдырууга сөзсүз убакыт бөлүүнү сунуштайт элем. Тарыхый көчөлөрүн аралап, Караколдун ашлян-фусунан даам татып, жергиликтүү элдердин ашканасы менен таанышып, үй-бүлөлүк кечки тамакка же мастер-класска катышса болот”, — деп белгиледи Азамат Жаманкулов.

Эксперт шаардын жылдын ар кайсы мезгилинде туристтер үчүн кызыктуу экенин белгиледи. Кышында бул жакка тоо лыжасы жана сноуборд тебүү үчүн келишсе, жайында Каракол Алтын-Арашанга, Ала-Көлгө, Жыргалаңга жана Жети-Өгүзгө жөө же ат менен саякаттоонун, ошондой эле Ысык-Көлдүн түштүк жээгин кыдыруунун башкы чекитине айланат.
Анын айтымында, туристтер бир нече күндүк жөө жүрүштү, капчыгайларда сейилдөөнү же ысык булактардын жанында эс алууну тандай алышат.

Азамат Жаманкулов Караколдун негизги артыкчылыктарынын бири — анын эли экенин да белгиледи.
“Бул жерде туристтер менен иштөө маданияты калыптанган. Көптөгөн конок үйлөрүнүн ээлери конокторго жасаган мамилеси, жайлуулукка жана майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурганы менен өлкөнүн бардык туристтик тармагына үлгү боло алышат”, — деди ал.
Маданий мурас жана туризмди өнүктүрүүнүн келечеги
Эксперттин пикиринде, маданий жана гастрономиялык туризмди өнүктүрүү үчүн дагы чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Анын ичинде шаардын эски бөлүгүн кыдыруу, кол өнөрчүлүк устаканаларына баруу жана кулинардык программаларга катышуу туристтер үчүн кызыктуу сунуштардын катарын толуктай алат.
Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүктөр туристтердин Караколдо узагыраак болушуна жана туристтик сезондун ортосундагы мезгилде да шаарга келишине өбөлгө түзөт.

Анын айтымында, Түп — Кеген жолунун ачылышы Казакстандан келген туристтер үчүн саякаттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Азамат Жаманкулов “Ала-Тоо Резорт” долбоорун мындан ары ишке ашыруу жана “Каркырa” тоо комплексин өнүктүрүү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабына чоң түрткү берип, Караколдун өнүгүшүндө жаңы баскычты ачышы мүмкүн деп эсептейт.
“Ири долбоорлор менен катар жергиликтүү бизнес да өнүгүп, шаар өзүнүн тарыхый архитектурасын, жайлуулугун жана меймандостугун сактап калышы маанилүү. Заманбап инфраструктура менен жандуу тарыхый мурастын айкалышы шаардын келечегин аныктайт”, — деп жыйынтыктады ал.

Жыйынтыктап айтканда, Каракол тоо лыжа базалары, жаратылышка саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү, тарыхый жайлары жана гастрономиялык туризми менен жыл бою туристтерди кабыл алган шаар катары өнүгүүдө. Жолдорду жана аэропортту реконструкциялоо, шаардык инфраструктураны жаңылоо жана меймандостук тармагын өнүктүрүү туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.
Ошол эле учурда шаардын мындан аркы өнүгүшү тарыхый архитектураны сактоого, жергиликтүү бизнести колдоого жана жылдын ар кайсы мезгилинде эс алууга шарт түзүүгө байланыштуу. Караколдун туристтерди өзүнө тарткан маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен заманбап инфраструктураны өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту табуу маанилүү милдет бойдон калууда.