Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. 18-октябрда “Бишкек Арена” стадионунда өткөн колумбиялык ырчы Шакиранын концертинен кийин чет элдик коноктор соцтармактарда таасирлери менен бөлүшүп жатышат. Алар дүйнөлүк жылдыздын өнөрүн гана эмес, Бишкек шаары жана Кыргызстандын жаратылышы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн да белгилешүүдө.
Айрым күйөрмандар концертке келүүнүБишкекти кыдыруу жана шаардын сыртындагы туристтик жайларга саякаттоо менен айкалыштырышкан.
Казакстандан келген Threads колдонуучусу Азиза Кадырова туризмдин өнүгүшүнө жана шаардагы уюштуруу иштерине көңүл бурган.
“Дароо байкаганым — Кыргызстанда туризм абдан жакшы өнүгүп жатыптыр, бардык жерде туристтерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Шакиранын концертинин маанайы бардык жерде сезилип турду. Баары даяр, ынтымактуу, уюшкандык менен иштеп жатышат, баары так”, — деп жазган ал.
Коноктор концерттин уюштурулушун, транспорт кызматтарынын жана ыктыярчылардын ишин да жогору баалашууда.
“Рахмат, Бишкек! Шакиранын концертин эң жогорку деңгээлде уюштурупсуңар! Эч кандай кезек жок, баары тез, так жана алдын ала ойлонулган. Автобустар аренага чейин каттап, ыктыярчылар орундарга чейин коштоп барышты. Чек арадан өткөндө да, концертке киргенде да бир секунд кезекте турган жокпуз. Мындай масштабдагы дүйнөлүк жылдыздын концертин биринчи жолу уюштуруу үчүн бул абдан жакшы жыйынтык! Бишкек, азаматсыңар!” — деп жазган Threads колдонуучусу Акниет Жаныгалиева.
Казакстандан келген дагы бир конок Меруерт Малкубаева шоунун жасалгаланышына, жарык эффекттерине жана сахнанын көркөмдөлүшүнө суктанган.
“Баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган. LED-экрандар, визуалдык эффекттер, тартуу иштери, сахнанын артындагы бөлүктөр, грим бөлмөсү жана, албетте, Шакиранын өзү! Кыскасы, аябай таасирлендим! “Бишкек Арена” укмуш экен! Мындай маанай жана мыкты уюштуруу үчүн рахмат! Ушундай сонун концерттерге дагы көп келебиз деп үмүттөнөм! Казакстандан сүйүү менен!” — деп жазган ал.
Дагы бир Карина аттуу конок иш-чаранын уюштурулушун, транспорттун ыңгайлуулугун, коопсуздук кызматтарынын ишин жана концерт өтүүчү жайдагы шарттарды белгилеген.
“Уюштуруу иштерине аябай суктандым. Акысыз автобустар аренага тез жеткирип жатты. Бардык жерден кезексиз өттүк, адамдардын баары жагымдуу жана жылуу мамиле кылышты. Коопсуздук үчүн текшерүү болду, бул абдан маанилүү, ошондуктан бул өзүнчө мактоого арзыйт. Тамак-аш сатылган аймак кенен, жайлуу жана жылуу экен. Карта же Kaspi QR аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк болду. Баалар арзан экен, чайдын баасы 250 теңге болгонуна таң калдым. Эч жерде кезек болгон жок. Үн, жарык — баары мыкты! Wi-Fi үчүн да өзүнчө рахмат”, — деп жазган ал.
Шакира өзү да концерттен кийин Instagram баракчасына бир нече сүрөт жарыялап, “Кыргызстан, кандай сонун кеч болду!” деген кыска билдирүү калтырган.

Шакиранын Бишкектеги концерти аяктаганына карабастан, чет элдик коноктордун арасында талкууланып жатат. Алар социалдык тармактарда Кыргызстан тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешүүдө. Алардын пикирлери Бишкектин дүйнөлүк жылдыздарды жана миңдеген күйөрмандарды татыктуу кабыл алууга жөндөмдүү шаар экенин көрсөтүп, коноктордун Кыргызстанга кайра келүү каалоосун жаратууда.