Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 47,5 млн кВт/саатты түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 41,5 млн кВт/саат болгон.
Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарындагы объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда.
Министрлик жарандарды, өзгөчө электр энергиясына суроо-талап жогору болгон маалда, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул энергетика тутумунун туруктуу иштешине жардам берет.