Кыргызстанда коопсуз өрт өчүрүүчү каражаттар чыгарылууда

Коом 28 сентябрь 2026 16:00
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда коопсуз өрт өчүрүүчү каражаттар чыгарылууда. Бул тууралуу компания өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, өрт өчүрүүчү каражаттарды күнүмдүк турмушта колдонсо болот. Мындай технологиянын аналогу жок. Каражат ден соолукка терс таасирин тийгизбейт.

“Өрт өчүрүүчү каражаттарды батирлерге, үйлөргө колдонсо болот. Электр эсептегичтерде өрт тутанганда бул каражаттар иштеп, өрттү дароо өчүрөт. Өрт өчүрүүчү каражаттын өндүрүштө, ооруканаларда жана башка жайларда пайдаланууга ылайыкталган түрлөрү да бар”, - деди компаниянын өкүлү.

Белгилей кетсек, Бишкекте жайгашкан ишканада учурда 24 киши иштейт. Жакында Токмокто ачыла турган заводдо 170 адамга жумуш орду түзүлөт.