Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугун экинчи этаптын алкагында күнүнө миң тоннадан 3 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалык башчысы Нурсултан Акматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, заводдун курулушу негизи эки этапка бөлүнгөн. Инвестордук келишимдин алкагында биринчи этабы учурда толук кандуу иштеп жатат.
"Божомол менен учурда күнүнө 1 миң 200 тонна таштанды кайра иштетилип жатат. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок ошол эле учурда 800 тоннага жакын таштанды дагы эле таштанды таштоочу жайга жеткирилүүдө. Демек, заводдун иши жакшы болгону менен Бишкек үчүн жетишсиз", — деди Акматов.
Анын маалыматына караганда, учурда заводдун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Анын алкагында ишкананын кайра иштетүү кубаттуулугу күнүнө миң тоннадан 3 миң тоннага чейин жеткирилет.
"Бул Бишкек шаарын таштандыны кайра иштетүү боюнча толук камсыздоого мүмкүндүк берет. Эгер таштанды жетишпей баштаса, Чүй облусунун жакын жайгашкан аймактарынан таштандыларды чогулта баштайбыз", — деди ал.
Белгилегендей, борбор калаадагы аталган завод ишке киргенден бери таштанды таштоочу жайга түшкөн таштандынын көлөмү азая баштаган.