Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Калыс-Ордо конушунда 1-октябрда суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта суу 1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин болбойт.
Суу берүү "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда, ошондой эле шаардык суу түтүктөрүнүн тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундары менен уюмдардан алдын ала жетиштүү өлчөмдө ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.