Тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык экспонат өткөрүп берилди — Кабар

Тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык экспонат өткөрүп берилди

Коом 31 июль 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.41.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук тарых музейинин фонду мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат менен толукталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Абдыкерим Сыдыковдун небереси Эрмек Сыдыков музейдин фондусуна Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата Абдыкерим Сыдыковго ыйгарылган мааракелик медалды жана аны тастыктаган күбөлүктү өткөрүп берди.