Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россияда камакта отурган кызына жардам сурап кайрылган жарандын маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду.
Чүй районунун Кошой айылынын тургуну кызы 2023-жылы Россияда камакка алынганын айтып, президентке кайрылды.
Анын айтымында, кызы гүл саткан дүкөндө иштеп жүргөн учурда эки кардар гүл талашып кетишкен. Натыйжада гүлдү ала албай калган кардар кызына баңгизат коюп, анын камакка алынышына себеп болгон.
Жаран бул маселе боюнча бир нече жолу Башкы прокуратурага кайрылганын, бирок азырынча жыйынтык болбогонун билдирди.
Кайрылууну уккан мамлекет башчысы Россияда камакта отурган кыргызстандыкты мекенине экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.